Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын кызматкерлери тест тапшырышты

Басылмалардын датасы: 11.07.2019


 2019-жылдын 10-июлунда Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын кызматкерлери «Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомун ишке ашыруу алкагында мамлекеттик тилди билүү боюнча компьютердик тест тапшырышты. Тестке жалпысынан 35 кызматчылар катышты.

Тестирлөө жүргүзүү тартибине ылайык башкармалыктын кызматкерлери беш субтест боюнча тапшырмаларды аткарып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

 


Акыркы жаңылоо: 11.07.2019, 13:06