Улуттук статкомдун кызматкерлери мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин спартакиадасында алгачкы медалдарды жеңип алышты

Басылмалардын датасы: 29.10.2019


Бишкек шаарында 2019-жылдын 19-октябрынан 29-октябрына чейин, “Чылымсыз спорт” аталышындагы республиканын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында спартакиада өттү.

Мелдештер спорттун 15 түрү боюнча өтүп, ага Улуттук статкомдун кызматкерлеринен 60 адам спорттун бир топ түрлөрү боюнча күч сынашты.

Улуттук тогуз коргоо оюну боюнча Улуттук статкомдун кызматкерлери биринчи орунга татыктуу болушуп, спартакиаданын кубогуна ээ болушту. Ал эми аялдар командасы командалык эсепте бешинчи орунга чыгышты. Оюндар 22-октябрдан 26-октябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өттү. Мелдештер жети турдан швецариялык система менен өткөрүлдү.

Ал эми Улуттук статкомдун аялдар командасы стол үстүндөгү теннис боюнча командалык эсепте кезектеги биринчи орунга ээ болушту. Улуттук статкомдун кубоктору ушинтип көбөйүп жатат. Бул оюндар 24-октябрдан 28-октябрга чейин өттү.

 

 


Акыркы жаңылоо: 30.10.2019, 16:26