«Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу боюнча мамлекеттик статистика органдарынын аймактык өкүлдөрүнө окутуу семинарлары уюштурулду

Басылмалардын датасы: 17.03.2020


Улутстатком статистикалык изилдөөлөр институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бузуулар боюнча Кодексинде жазылган нормаларды  ишке ашыруу үчүн жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу боюнча мамлекеттик статистика органдарынын аймактык өкүлдөрүнө окутуу семинарларын уюштурду. Анда Кыргыз Республикасынын ИИМнин маалымат технологиялар боюнча Башкы башкармалыгынын өкүлү дарс окуду.  

Семинардын жүрүшүндө КРнын “Мамлекеттик статистика тууралуу” мыйзамын бузган респонденттерге карата айып салуу, КРнын Кодексин колдонуу, ошондой эле «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумун иш жүзүндө колдонуу тууралуу сөз болду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тартып өлкөдөгү соттук-укуктук реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси күчүнө кирген. Анда физикалык жана юридикалык жактар үчүн отчетторду бербегендиги, өз убагында эмес бергендиги же ишенимсиз маалымат бергендиги үчүн Улуттук статистика комитети тарабынан административдик айып салуу укуктары каралган.


Акыркы жаңылоо: 17.03.2020, 15:39