Республикада мунайзаттарга суроо-талап негизинен аларды импорттоонун эсебинен толукталды

Басылмалардын датасы: 27.12.2022


Улутстатком иштеп чыккан отун-энергетикалык баланстын жыйынтыгы боюнча 2021-жылы республиканын ички рыногундагы отун-энергетикалык ресурстардын жалпы көлөмүнөн жалпысынан 14 млн.тонна шарттуу отун  керектелди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 7%  көп.

2021 – жылы көмүр казып алуунун көлөмү 3,1 млн.тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 14,4%, ал эми 2017-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Негизинен көмүр ички рынокто колдонулат, ал эми анын жалпы керектөө көлөмүндөгү үлүшү 47,5%  түздү.

Мунайзаттарга болгон республикалык суроо-талап негизинен импорт менен толукталат.

2021 - жылы 96,9 миң тонна дизелдик отун өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге, ал эми 2017-жылга салыштырмалуу 8,3% көп. Мында 2017-жылга салыштырмалуу анын импорт боюнча келип түшүүсү 0,9 пайызга азайды жана 536,3 миң тоннаны түздү.

Автоунаа бензини 20,7 миң тонна өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 59% көп, ал эми 2017-жылга салыштырмалуу – 91,2% аз. Өткөн жылга салыштырмалуу анын импорттук жеткирүүлөрү 12,3%, ал эми 2017-жылга салыштырмалуу – 32,0% көбөйдү.

2021 - жылы 151 миң тоннадан ашык күйүүчү мазут өндүрүлгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көп.Мында мазуттун импорттук келип түшүүлөрү беш жылдык мезгилде 99,7 пайызга азайган.

Жалпысынан 2021 - жылы отун катары түздөн - түз керектөөгө дизелдик отундун жалпы керектөөсүнүн 86% жакыны, 82% жакыны автомобиль бензини жана 17% күйүүчү мазут сарпталган.

Республиканын авиациялык керосинге болгон муктаждыгы импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен толук канааттандырылат.

2021-жылы чийки мунай ресурстарынын жалпы көлөмүнүн 276 миң тоннага жакыны же 95,2% казып алууга туура келген. Өндүрүш жана отун эмес керектөөлөр үчүн материал катары дээрлик 283 миң тонна мунай же жалпы бөлүштүрүүнүн 98%  жакыны керектелген.

2021-жылы жаратылыш газынын ресурстары 84% Россиядан импорттун эсебинен камсыздалган. 2017-жылга салыштырмалуу аны казып алуу 3,8 млн.куб. метрге же 14,7%  кыскарган жана 22 млн. куб. метрди түзгөн. Отун катары түздөн – түз керектөөгө 278 млн.куб. метр же газдын 69%  ашыгы энергиянын башка түрлөрүнө-115,5 млн. куб. метр же газдын 29% жакыны сарпталды жана 2% га жакыны жоготууларды түздү..

2021-жылы 15,1 млрд.кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, анын ичинен 80,5% ички керектөө болгон. Өткөн жылга салыштырмалуу электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 1,7% , ал эми 2017 – жылга салыштырмалуу 1,9% азайган. 2021-жылы электр энергиясынын жоготуулары жалпы ресурстардын көлөмү 16,3% түздү.

2021 - жылы жылуулук энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 3,1 млн.гигакалорияны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,8%  көп, ал эми 2017-жылга салыштырмалуу 1,1%  аз. Жылуулук энергиясынын бардык көлөмү республиканын ички рыногуна жөнөтүлүүдө. Мында 2021-жылы анын жоготуулары 2017-жылга салыштырмалуу 7,2%  көбөйдү жана 210,9 миң гигакалорияны түздү.

 

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 27.12.2022, 17:28