2020-жылдын ноябрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин экономикаларынын керектөө секторунда инфляциянын деңгээлинин салыштырмалуу талдоосу

Басылмалардын датасы: 15.12.2020


2020-жылдын ноябрында мурунку айга салыштырмалуу (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди.   

ЕЭАБ мүчө-мамлекеттери боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Ноябрь-
октябрга карата

Ноябрь-
мурунку жылдын декабрына карата

Январь-ноябрда өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)

2019

2020

2019

2020

2019

2020

Армения

1,1

1,3

-0,5

0,3

-0,03

0,2

Беларусь

0,2

0,7

4,2

6,1

0,4

0,5

Казакстан

0,7

0,9

4,7

6,5

0,4

0,6

Кыргызстан

0,9

1,8

2,1

7,2

0,2

0,6

Россия

0,3

0,7

2,7

4,1

0,1

0,4

* Статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча.

2020-жылдын ноябрында 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын максималдуу деңгээли (7,2 пайыз) Кыргыз Республикасында, ал эми минималдуу (0,3 пайыз) Армения Республикасында белгиленди.

2020-жылдын ноябрында 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалар жана тарифтер эң көп (12,0 пайызга) Кыргыз Республикасында  жогорулады. Муну менен бирге, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын максималдуу өсүүсү - 7,7 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө - 6,6 пайызга Беларусь Республикасында катталды. Ошол эле мезгилде, азык-түлүк товарларга чекене бааларынын максималдуу төмөндөөсү Армения Республикасында (0,9 пайызга) байкалды.    

2020-жылдын ноябрындагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

 ((пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк

товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

 

Мурунку айга карата

Армения

1,3

2,6

0,6

0,1

Беларусь

0,7

1,0

0,4

0,5

Казахстан

0,9

1,3

0,6

0,8

Кыргызстан

1,8

2,8

0,7

0,5

Россия

0,7

1,3

0,6

0,1

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

0,3

-0,9

1,0

1,4

Беларусь

6,1

4,5

7,7

6,6

Казахстан

6,5

9,6

5,1

3,8

Кыргызстан

7,2

12,0

1,2

2,2

Россия

4,1

5,1

4,4

2,3

 

* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.

1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.

___________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.12.2020, 12:00