Күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары өсүп жатат

Басылмалардын датасы: 09.04.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 бензинине жана дизель күйүүчү майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, 2021-жылдын 8-апрелине карата абалы боюнча АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 47,94 сомду түзгөнүн жана үстүбүздөгү жылдын март айына салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөнүн көрсөттү, ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 44,15 сомду түздү же дээрлик 6 пайызга жогорулады.

Муну менен бирге, АИ-92 бензинине чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Баткен (бир литр үчүн 51,22 сом), Исфана (бир литр үчүн 50,91 сом), Кара - Суу жана Ноокат (бир литр үчүн 48,70 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми анын минималдуу баалар Нарын шаарында (бир литр үчүн 46,40 сом), Балыкчы шаарында (бир литр үчүн 46,70 сом) жана Чаек айылында (бир литр үчүн 46,90 сом) катталды.

АИ-92 бензиндин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айына салыштырмалуу Кара - Балта шаарында - 12,7 пайызга, Каракол шаарында - 11,1 пайызга жана  Покровка айылында - 10,8 пайызга өскөнү катталды.

Муну менен катар, дизель күйүүчү майына чекене баалары Исфана (бир литр үчүн 47,83 сом), Баткен (бир литр үчүн 47,60 сом), Кербен (бир литр үчүн 44,75 сом), Кара - Суу (бир литр үчүн 44,70 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өскөнү белгиленди, ал эми ага карата минималдуу баалар Токмок (бир литр үчүн 42,45 сом), Каракол (бир литр үчүн 42,56 сом) жана Нарын шаарларында (бир литр үчүн 42,60 сом) байкалды.

Дизель күйүүчү майдын бааларынын максималдуу өсүшү өткөн ай менен салыштырмалуу Джалал-Абад - 8,5 пайызга, Балыкчы - 7,9 пайызгы жана Талас - 7,8 пайызга өскөнү катталды.

Айрым калк жашоочу пункттарда күйүүчү-майлоочу материалдарга карата орточо керектөөчү баалар

      (бир литри, сом)

 

Бензин АИ-92

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Дизель майы

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2021

Март

2021

8-апрелине

2021

Март

2021

8-

апрелине

  Кыргыз Республикасы

43,91

47,94

4,03

41,68

44,15

2,47

  Каракол ш.

42,87

47,62

4,75

40,46

42,56

2,10

  Балыкчы ш.

42,19

46,70

4,51

39,51

42,63

3,12

  Кербен ш.

45,70

48,50

2,80

42,26

44,75

2,49

  Токтогул ш.

43,20

47,80

4,60

40,70

43,08

2,39

  Жалал-Абад ш.

44,20

47,74

3,54

41,15

44,66

3,50

  Чаек а., Жумгал району

43,02

46,90

3,88

40,03

42,90

2,87

  Нарын ш.

42,42

46,40

3,98

39,64

42,60

2,96

  Исфана ш.

46,83

50,91

4,08

46,06

47,83

1,78

  Баткен ш.

47,61

51,22

3,60

46,49

47,60

1,11

  Кара-Суу ш.

44,89

48,70

3,81

42,35

44,70

2,35

  Ноокат ш.

44,99

48,70

3,71

42,88

44,30

1,42

  Узген ш.

44,04

48,50

4,46

41,70

43,90

2,20

  Покровка а., Манас району

42,89

47,50

4,61

40,64

43,50

2,86

  Талас ш.

42,89

47,50

4,61

40,64

43,80

3,16

  Кара-Балта

42,92

48,36

5,44

42,17

44,50

2,33

  Токмок ш.

43,00

47,56

4,55

40,51

42,45

1,93

  Бишкек ш.

43,78

47,69

3,91

41,62

44,15

2,53

  Ош ш.

44,74

48,63

3,90

42,22

44,43

2,21

 

 

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.04.2021, 11:41