Кумшекердин орточо чекене баалары өсүп жатат

Басылмалардын датасы: 02.04.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, 2021-жылдын мартына карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 64,36 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 10,14 сомго же дээрлик 19 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Ошол эле учурда, кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Исфана (бир кг үчүн 69,33 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 67,84 сом), Ноокат (бир кг үчүн 67,39 сом),  Кара-Суу (бир кг үчүн 67,33 сом) жана Баткен (бир кг үчүн 67,21 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Токмок (бир кг үчүн 60,67 сом), Талас (бир кг үчүн 60,89 сом) жана Нарын (бир кг үчүн 61,94 сом) шаарларында катталды.

Үстүбүздөгү жылдын мартында өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 4,34 сомго же 7,2 пайызга жогорулады.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айга салыштырмалуу Ноокат - 18,8 пайызга, Чаек айылында - 13,2 пайызга, ошондой эле Баткен жана Кара-Балта шаарларында - 9,7 пайызга өскөнү катталды.

Айрым калктуу конуштарында кумшекердин орточо керектөө баалары

               (бир килограмм, сом)     

 

 

2020

Декабрь

 

2021 Март

 

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2021

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Февраль

Март

Кыргыз Республикасы

54,22

64,36

10,14

60,02

64,36

4,34

Каракол ш.

52,26

63,09

10,83

58,34

63,09

4,76

Балыкчы ш.

52,98

62,52

9,55

59,87

62,52

2,66

Кербен ш.

55,00

64,77

9,77

60,00

64,77

4,77

Токтогул ш.

51,61

62,80

11,19

59,48

62,80

3,32

Джалал- Абад ш.

55,66

67,84

12,19

64,40

67,84

3,45

Чаек айылы, Жумгал району

52,78

63,99

11,21

58,94

63,99

5,05

Нарын ш.

52,35

61,94

9,58

59,17

61,94

2,77

Исфана ш.

57,45

69,33

11,88

63,71

69,33

5,61

Баткен ш.

55,00

67,21

12,21

61,26

67,21

5,94

Кара-Суу ш.

56,00

67,33

11,33

61,79

67,33

5,54

Ноокат ш.

55,00

67,39

12,39

56,74

67,39

10,65

Өзгөн ш.

55,20

65,02

9,83

59,35

65,02

5,67

Покровка айылы, Манас району

54,42

64,85

10,43

57,30

64,85

7,55

Талас ш.

52,68

60,89

8,21

56,67

60,89

4,21

Кара-Балта ш.

49,22

64,12

14,91

58,47

64,12

5,65

Токмок ш.

50,96

60,67

9,71

57,18

60,67

3,49

Бишкек ш.

54,07

64,03

9,95

59,14

64,03

4,89

Ош ш.

57,45

65,41

7,97

64,29

65,41

1,13

 

 

 

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 02.04.2021, 09:58