А.Султанов: Эл жана турак жай фондун каттоо – бул мамлекеттик маанилүү иш-чара

Басылмалардын датасы: 18.09.2018


 

Өлкөдө 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча кампаниясы өтөт. Анын өзгөчөлүгү эмнеде, жана ага кандай  даярдыктар болуп жаткандыгын Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов айтып өттү.

- Алдыда боло турган эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө айтып бериңизчи?  

- «Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» өкмөттүн токтомуна ылайык, каттоого даярдыктар жүргүзүлөт. 
2020-жылы элди дүйнөлүк каттоонун кезектеги раунду жөнүндө БУУнун  Резолюциясына ылайык, Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында болуп өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде, башка катышуучу-мамлекеттер менен максималдуу жакынкы мөөнөттө, 2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын  октябрына чейинки мезгилде, «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-мамлекеттеринде 2020-жылы эл каттоону өткөрүү жөнүндө» чечими кабыл алынган.  
Бүгүнкү күндө КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагында катышуучу-мамлекеттердин демографиялык өнүгүүсүнө жана, эң алгач, жүрүп жаткан миграциялык процесстер менен аныктала турган эмгек рыногунун абалынын тенденциясына өз ара катуу таасирлери бар. Жакынкы мөөнөттө эл жана турак жай фондун каттоонун өткөрүлүшү миграциялык агымдардын көлөмдөрүн жана КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгек рыногунун жыйынды өлчөмдөрүн так баалоого мүмкүндүк берет. 2019-жылы каттоону Азербайжан Республикасында, Беларусь Республикасында жана Казакстан Республикасында өткөрүү белгиленди.   2020-жылы Армения Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы өткөрөт. 

- Бардык иштерди өткөрүүгө канча убакыт керек? 

- Биз жумушту бүгүн баштап, 2023-жылы аякташыбыз керек. Каттоо боюнча бүтүндөй процесс негизги этаптарга бөлүнөт: даярдык көрүү мезгили – ага ченемдик-укуктук актыларды, уюштуруучулук-методологиялык жана технологиялык камсыздоолорду иштеп чыгуу, пилоттук (сынак) каттоону өткөрүү, эл арасында жалпы-түшүнүк иштерин жүргүзүү жана каттоого тартылган персоналды окутуу киргизилген; кийинки этап: - каттоону өткөрүү – бул эл жөнүндө маалыматтарды каттоочулар тарабынан чогултуу кирет; үчүнчү этап: алынган маалыматтарды иштетүү жана каттоонун жыйынтыктарын таркатуу кирет. 

- Эл каттоо мамлекетке эмне алып келет?

- Элди каттоо элдин социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп эсептелет. Ушул эле учурда элдин билим деңгээли, никелик-үй-бүлөлүк түзүмү жана өлкөнүн этно-лингвистикалык курамы сыяктуу маалыматтарды жалпы каттоо учурунда гана алууга болот.  
Эл жана турак жай фондун каттоо – бул айрым социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча өлкөнүн аймактарында жашаган бардык элдин санын расмий эсепке алуу мезгилинде регулярдуу интервал аркылуу өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган мамлекеттик маанилүү иш-чара. Жалпы эл каттоонун негизине өзүн-өзү аныктоо принциби кабыл алынды, б.а. керектүү маалымат тастыктоочу документтерден эмес, респонденттин сөзүнөн алынат.   Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарынан айырмаланып, КРӨнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан чогултула турган биометрикалык маалыматтар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун милдеттүү түрдө болушун болжолдойт. Каттоодо анын жарандыгына же каттоосуна, турак жайынын бар же жашаган ордунун жоктугуна карабастан, бүт эл эсепке алынат. 
Эл аралык практикада каттоо маалыматтарынын базасынан демографиялык статистика негизделет, ал жарандардын туулгандыгы, өлгөндүгү, өлкөдөн чыгып кеткендиги жана келгендиги жөнүндө администрациялык маалыматка таянуу менен жыл сайын жашы, жынысы, шаар жана айыл жергесинде жашагандыгы боюнча элдин санын эсептейт.  
Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана  программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири  колдонулат. Маалыматтар мамлекеттик жана коомдук турмуштун ар түрдүү тармактарында да колдонулат. Потенциалдуу салык төлөөчүлөр же аскерлер ж.у.с. жөнүндө маалыматтарды чогулткан сыяктуу эмес, анын максаттары абдан кеңири. Башка сөз менен айтканда, элди каттоо коомдун абалын, анын экономикасын, социалдык чөйрөсүн, ж.у.с. тигил же бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бере турган коомдун портретин заматта  чыгарып берет. 

- Эл алардын маалыматтарынын ишенимдүү корголо тургандыгына ишеничте боло алабы?

-  Жеке маалыматтарды таркатууга (жайылтууга), анын ичинде мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга берүүгө жатпайт, жана алар жыйынтык маалыматтарды түзүү үчүн гана колдонулат. Маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу милдети каттоо барактарына жетүүгө укугу бар, элди каттоонун бардык катышуучуларынын кызматтык нускамаларында жана жарандык-укуктук келишимдеринде каралган. Бул принциптин бузулушу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет. Ал эми жеке маалыматтар - респонденттин ФАА - маалыматтар базасына киргизилбейт. 

-  Эл каттоо акыркы жолу качан өттү эле?

- Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан кийин Биринчи улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн - анда  4,8 миллион адам, акыркы жолу 2009-жылы - 5,3 миллион адам катталган. Алдыда боло турган эл жана турак-жай фондун каттоо, 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин  атайын даярдалган каттоочулар тарабынан элди сурамжылоо жолу менен өткөрүлөт. Ош облусунун Сары-Таш, Сары-Могол, Чоң-Алай, Жекенди айыл аймактары, Ысык-Көл  облусунун Ак-Шыйрак, Эңилчек айыл аймактары сыяктуу республиканын алыскы аймактарында каттоо 2020-жылдын                    20-апрелинен 29-апрелине чейин  өткөрүү белгиленип жатат, «Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтому боюнча алыс жайгашкан айылдар бардыгы болуп – 144 эл жайгашкан пункту бар.   

- Алдыда боло турган каттоонун өткөн каттоолордон эмнеси менен айырмаланат?

- Алдыда боло турган эл каттоонун негизги айырмасы, жыйынтыгында эмгек ишмердиги жана миграция боюнча маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере турган, эмгек миграциясы боюнча маселелердин моделдик блогу КМШ жана ЕАЭБ мүчө- мамлекеттеринин каттоо барактарына киргизилгендиги саналат. Ошондой эле суроолор жыйнагына биринчи жолу – туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын (ТӨМ)  индикаторлору киргизилди – бул элдин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши боюнча маселелер, башкача айтканда, «сизде көрүү, угуу, басуу боюнча көйгөйлөр барбы» дегендей. Бул суроолор өлкөдө ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам жашай тургандыгын аныктоого мүмкүндүк берет. 

2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасынын алкагында өткөрүлөт, жана каттоонун даярдык көрүү мезгилинде Улутстатком МККнын администрациялык маалыматтарынан, башкача айтканда, даректик регистрден, кыймылсыз мүлк реестринен жана геомаалыматтык системадан – санартиптик карталарды колдонот.  Каттоочу кызматкерлер тарабынан тизмелерди түзүү учурунда мурдагы үй-ээлеринин жана МККда катталбагандардын, ошондой эле турак жайлар жана аларда адамдар жашаган курулуштардын даректери такталат. 

-  Азыркы учурда эл каттоо анкетасынын болжолдуу суроолору түзүлдүбү?

- Бүгүнкү күнү бир нече формалардан турган суроолор тизмегинин долбоору иштелип чыкты: “Каттоо барагы – жашоочулардын тизмеси” адамдар жашаган ар бир үй-жай үчүн толтурулат. Ошону менен бирге бул тизме ар бир батир, үй, башка жашай турган жери жок, адамдар туруктуу жашаган дача; жатаканалардагы, балдар үйлөрүндөгү, мектеп-интернаттардагы, карылар жана майыптардын үй-интернаттарындагы, ооруканалардагы, мейманканалардагы жана башка көмөкчү мекемелердеги ж.б. ар бир бөлмөгө карата түзүлөт.  «Калк - каттоо барагы» бул үй чарбада жашаган ар бир адамга өз-өзүнчө толтурулат.
«Каттоо барагы – турак жай фонду» турак жай жана анын турмуш-тиричилик шарттары жөнүндө суроолорду камтыйт, күн батарейкаларынын панелдерин, биогаз, уюлдук байланыш Интернет тарамы, компьютерди пайдалануу  тууралуу жаңы суроолор да киргизилди. 

- Калк каттоонун жүрүшүндө жарандардын кайсы маалыматтары эске алынат?

- 2020-жылдагы эл жана турак жай жана каттоонун программасы мурунку эл каттоолордун программасын эске алуу, мамлекеттин маалыматтык керектөөлөрүн жана эл аралык сунуштарын камсыз кылуу  менен түзүлөт. 
Булар жынысы, туулган күнү, үй-бүлөлүк абалы, улуту, төрөлгөн өлкөсү, өлкөдө убактылуу болбогондугу же убактылуу келгендиги жөнүндө белгилердин болушу; жарандыгы, тилдерди билиши, миграцияга катышы бар экендиги, билими, азыркы учурда окуу жайларга же бала-бакчага барабы же жокпу, ушул сыяктуу суроолор. Жумушу жана жашоого карата булактары тууралуу маалыматтарды алабыз. Ошондой эле  компьютер, Интернет, мобилдик байланыш менен  колдонууну биле тургандыгы жөнүндө маалыматтарды да эске алабыз. Мындан тышкары, аялдардан балдарынын саны, алардын канчасы аны менен бирге жашагандыгын жана канчасы өз алдынча жайшай тургандыгын сурайбыз. Каттоо – бул тастыктоочу документтерсиз, респонденттердин сөздөрүнөн, элдин бардык мүнөздөмөлөрүн бир эле учурда алууга мүмкүндүк берүүчү булагы экендигин дагы бир жолу белгилей кетсем болот.   

- Маалыматтарды чогултууга канча адам тартылат?

- Каттоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн бүткүл мезгили ичинде, каттоонун маалыматтарын иштетүүдө жана Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын алууга 25 миң адам ишке тартылат, алардын ичинен каттоочулардын саны эле 18 миңди түзөт. Бүтүндөй өлкөнүн аймагында 560 каттоо бөлүмдөрү, 4 миңге жакын инструктордук участоктор түзүлөт. 

- Кызматкерлер алыс жайгашкан райондорго кантип жетишет?

- Өткөн каттоолордун тажрыйбалары боюнча, эрежедегидей эле, каттоочу персонал жергиликтүү жашаган элдин арасынан ишке тартылат. Биринчиден, бул адамдар ошол региондун жашоочуларын жакшы билиши керек. Экнчиден, ишке тартылган кызматкерлердин ошол жеринде жакшы ориентири болушу керек. 

- Кампаниянын ишке тартылган кызматкерлеринин коопсуздугу камсыздалабы? 

- Эл жана турак жай фондун каттоо жургүзүүгө ишке тартылган жактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана каттоо материалдарынын сакталышы боюнча маселе Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлгөн, ушуга байланыштуу, мамлекеттик масштабдагы маанилүү иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө ИИМдеги кесиптештеримден өтүнүү менен кайрылып кетейин.    

- Суроомду улантайын, кампания учурунда эл каттоочумун деп анын үйүнө кирген алдмачы, көз боемочуларга алданып, элдер жабыркабайбы? 

- Ар бир кызматкерге жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, мэр, аймактык мамлекеттик статистика органынын жетекчиси кол койгон жана тиешелүү мөөрлөрү басылган, кызматкердин  фамилиясы, аты, атасынын аты, анын сүрөтү жайгаштырылган, төрт бурч формасындагы каттоочунун күбөлүгү берилет. Каттоодон 10 күн өткөндөн кийин каттоочунун күбөлүгү андан алына тургандыгын белгилеп кетейин.  Мындан тышкары, каттоочунун айырмаланган белгилерин же униформасын түзүү маселеси каралып жатат.  

- Чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттары эсепке алынабы?

- Мен жогоруда айтып өткөндөй, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттери максималдуу жакынкы мөөнөттө, 2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын  октябрына чейинки мезгилде улуттук каттоолорду өткөрөт, Кыргыз Республикасынын аймагында узак убакыт (бир жыл же андан көп убакыт) жок болгон мигранттар үчүн каттоо барагы толтурулат. Маалыматтар үй-чарбасынын мүчөлөрү тарабынан алар тууралуу берилгендерге гана чогултулат. 
- Мисалы, айрым көчөлөрдүн аталыштары жана үйлөрдүн номерлери да жок болгон  жаңы конуштарда, эл каттоо кандай өтөт?
- Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун төрагалыгы астында республикалык комиссиянын отурумунда бекитилген Календарлык планга ылайык, 2020-жылдын 1-январына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даректүү чарбаларды тартипке келтирүүгө милдеттүү, бул көчөлөрдүн жана жаңы конуштардын аталыштарын тактоо, аталышы жок көчөлөргө аталыштарды берүү жана үйлөрдүн жана курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин  номерлерин аныктоо жана көчөлөрдүн аталыштарынын табличкалары менен камсыз кылышы керек.  Ушуга байланыштуу, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча бардык иш-чараларды аткаруу боюнча  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мен да кайрылып кетким келет жана азыркы учурда көчөлөргө жана жаңы конуштарга аталыштарды берүүгө жана ишти активдештирүүгө мүмкүнчүлүк бар.  

- Элдер өз маалыматтарын берүүдөн баш тарта алабы?

- Эл жана турак жай фондун каттоого катышуу милдеттүү мүнөздө болуп саналат. Каттоо документтерине киргизилген суроолор боюнча талап кылынган маалыматтарды бербей коюга суроого жооп берип жаткан адамдардын укугу жок. Маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. Ушуга байланыштуу, каттоону өткөрүү убагында 10 күндүн ичинде аларга келген каттоочуларга түшүнүү менен мамиле жасоо өтүнүчү менен элге кайрылып кетким келет. Ал эми каттоого карата коомчулуктун терс мамилесин болтурбоо үчүн элдин арасында жалпы маалымдоо-түшүндүрүү иштерин өткөрөбүз. Кыргызстанда өтө турган эл каттоо ураандарынын бири "Кыргызстанда ар бир адам  маанилүү".

Facebookдагы биздин расмий барак


Акыркы жаңылоо: 19.09.2018, 13:52