А. Султанов Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия (ЧЕКБА) өлкөлөрү үчүн жогорку деңгээлдеги семинарына катышууда

Басылмалардын датасы: 25.09.2019


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Акылбек Султанов БУУнун Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) жана Европанын эркин соода ассоциациясы (ЕЭСА) менен биргеликте уюштурган Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия (ЧЕКБА) өлкөлөрү үчүн 24-сентябрынан 26-сентябрына чейин Молдова Республикасынын  Кишинев шаарында өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги семинарынын ишине катышып жатат.

 Жогоруда аталган иш-чара расмий статистика жаатында тажрыйба алмашуу жана акыркы жетишкендиктер менен таанышуу жана улуттук статистика системаларын мындан ары жакшыртуу боюнча маанилүү маселелерди талкуулоо  максатында ЧЕКБА өлкөлөрүнүн статистикалык ведомстволорунун жетекчилери үчүн өткөрүлүп жатат.  

Семинардын катышуучуларынын алдында А. Султанов, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын июлунда кол коюлган «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын презентациясын көрсөтүү менен сөз сүйлөдү. Мыйзам расмий статистика жаатында БУУнун негиз болуучу принциптерине толук ылайык келтирүү менен иштелип чыккан.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Улутстатком тарабынан улуттук статистика системасын жөнгө салуу маселелери боюнча мыйзам алдындагы ченемдик  актыларды иштеп чыгууда андан ары колдоо көрсөтүү, ошондой эле 2020-жылдын башында Кыргыз Республикасынын экинчи Глобалдуу баалоосун БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясы (БУУ ЕЭК) тарабынан өткөрүүсү тууралуу БУУнун Статистикалык башкармалыгы менен келишимге жетишилди.


Акыркы жаңылоо: 25.09.2019, 12:08