2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансы иштелип чыкты

Басылмалардын датасы: 21.12.2021


Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансы өлкөдө отунду жана энергияны  өндүрүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу түзүмүн мүнөздөөчү экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйындысын билдирет. 2020-жыл үчүн  отун-энергетикалык балансын иштеп чыгуунун натыйжасында алынган маалыматтар өлкөдө отун жана энергиянын бардык түрлөрүнүн  керектөөчү жана  өндүрүштүк түзүмүн  аныктоого, бүтүндөй жана анын айрым тармактарында, ошондой эле маанилүү багыттар боюнча отундун колдонулуу деңгээлин табууга  мүмкүндүк берет.

Отун-энергетикалык баланстын  (өзүнүн кайра иштетилген жана кайра түзүлгөн продуктуларын эске алуу менен, шарттуу отун миң тонна) маалыматтары келтирилди. Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча жана накталай түрдө алгандагы көмүрдүн, мунайдын, жаратылыш газынын, дизелдик отундун, автоунаа бензини, күйүүчү мазуттун, электр энергиясынын, жылуулук энергиясынын балансы келтирилди.  

Кененирээк таанышуу үчүн “Басылмалар” бөлүгүн караңыздар.

_______________________________________________________________________________________

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.12.2021, 08:55