Көмүр рыногунда баалардын учурдагы абалы. 2019-жылдын 5-декабрына карата кыскача обзор

Басылмалардын датасы: 06.12.2019


Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде КР Улутстатком тарабынан республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Үстүбүздөгү жылдын декабрынын биринчи жумасынын көмүргө болгон орточо керектөөчү баалары ноябрь айынын баалары менен салыштырмалуу бир тонна үчүн 81,55 сомго же 1,7 пайызга төмөндөдү. Ноябрдын биринчи жумасына салыштырмалуу ошондой эле 34,55 сомго же 0,7 пайызга төмөндөгөнү байкалган.

Ошентип, 2019 жылдын 5-декабрына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары    Кара – Суу (бир тонна - 8 124,04 сом), Ноокат (бир тонна - 7 587,42 сом) жана Баткен  (бир тонна – 7 140,04 сом) шаарларында катталды. Ушул эле учурда  минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында (бир тонна – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна  – 3 549,65 сом) жана Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом) болгону байкалды.         

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы эң көп Өзгөндө – тоннасы 733,67 сомго же 15,6 пайызга жана Токтогулда – тоннасы  421,05 сомго же 8,4 пайызга жогорулады.Ошону менен бирге айрым калк жашоочу пункттарда: Кара-Суу шаарында бир тонна – 361,24 сомго же 4,3 пайызга, Нарын шаарында бир тонна – 192,01 сомго же 5,1 пайызга жана Бишкек шаарында бир тонна – 153,86 сомго же 3,7 пайызга баалардын төмөндөгөнү байкалды.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары
                 (бир тонна, сом)

 

 

2019-ж. ноябрынын

1 жумасы

 

2019-ж. декабрынын

1 жумасы

 

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

 

2019-ж. ноябры

 

2019 ж. декабрынын

1 жумасы

 

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 621,81

4 587,26

-34,55

4 668,81

4 587,26

-81,55

Каракол ш.

5 556,98

5 597,62

40,63

5 556,98

5 597,62

40,63

Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

3 694,59

3 694,59

0,00

Кербен ш.

4 698,94

4 647,58

-51,36

4 647,58

4 647,58

0,00

Токтогул ш.

4 848,73

5 421,05

572,32

5 000,00

5 421,05

421,05

Жалал- Абад ш.

4 932,42

5 484,81

552,38

5 295,52

5 484,81

189,28

Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

2 500,00

2 500,00

0,00

Нарын ш.

3 549,65

3 549,65

0,00

3 741,66

3 549,65

-192,01

Исфана ш.

6 493,07

6 587,87

94,79

6 614,38

6 587,87

-26,51

Баткен ш.

7 140,04

7 140,04

0,00

7 285,79

7 140,04

-145,76

Кара-Суу ш.

8 485,28

8 124,04

-361,24

8 485,28

8 124,04

-361,24

Ноокат ш.

7 358,30

7587,42

229,12

7 382,27

7 587,42

205,15

Өзгөн ш. 

4 672,33

5 451,36

779,03

4 717,69

5 451,36

733,67

Покровка а., Манас району

4 300,00

4 500,00

200,00

4 500,00

4 500,00

0,00

Талас ш.

5 000,00

5 399,07

399,07

5 338,54

5 399,07

60,53

Кара-Балта ш.

3 900,00

3 900,00

0,00

3 849,68

3 900,00

50,32

Токмок ш.

4 055,27

4 055,27

0,00

3 849,68

4 055,27

205,60

Бишкек ш.

4 208,99

4 012,18

-196,81

4 166,03

4 012,18

-153,86

Ош ш.

5 832,01

6 000,00

167,99

5 900,00

6 000,00

100,00

 

Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат.Бааларды каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды   каттоону смартфонду колдонуу менен жүргүзүшөт. Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соода абдан кызуу жүрүп жаткан убакыттын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.

 

_____________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика ж¼н³нд¼” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 06.12.2019, 14:47