Көмүр рыногунда 2021-жылдын 26-январына карата баалардын абалы

Басылмалардын датасы: 27.01.2021


Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.

2021-жылдын 26-январына карата көмүрдүн орточо керектөө баалары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу  республика боюнча орточо алганда бир тонна  үчүн  74,25 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.

Ошол эле учурда көмүрдүн эң жогорку орточо баалары   Исфана  (бир тонна үчүн - 8 000,00 сом), Ноокат (бир тонна үчүн - 7 846,01 сом) жана  Баткен (бир тонна үчүн - 7 318,61 сом) шаарларында катталды. Ошол эле убакта  минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна  үчүн - 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500 сом) болгону байкалды.         

Көмүргө карата баалардын  бир кыйла  өсүшү мурунку айга салыштырмалуу Исфана шаарында - тоннасы 1 385,62 сомго же 20,9 пайызга, Кербен шаарында - тоннасы  917,00 сомго же 24,5 пайызга жана Баткен шаарында -  тоннасы 330,54 сомго же 4,7 пайызга белгиленди. Ошону менен бирге Токтогул шаарында бир тонна үчүн  көмүрдүн баасы 370,20 сомго же 7,8 пайызга, Жалал-Абад шаарында  –  138,71 сомго же 2,6 пайызга төмөндөдү.

                             Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында  
көмүрдүн  орточо керектөөчү
 баалары
(бир тонна, сом)

 

2020-ж.

декабры

2021-ж.

26 - январына

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 537,33

4 611,58

74,25

 Каракол ш.

5 507,32

5 410,68

-96,64

 Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

 Кербен ш.

3 749,67

4 666,67

917,00

 Токтогул ш.

4 743,42

4 373,21

-370,20

 Жалал- Абад ш.

5 268,64

5 129,93

-138,71

 Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

 Нарын ш.

3 500,00

3 500,00

0,00

 Исфана ш.

6 614,38

8 000,00

1 385,62

 Баткен ш.

6 988,07

7 318,61

330,54

 Кара-Суу ш.

5 899,15

6 000,00

100,85

 Ноокат ш.

7 736,47

7 846,01

109,55

 Өзген ш.

5 091,64

5 241,48

149,84

 Покровка а., Манас району

4 700,00

4 700,00

0,00

 Талас ш.

5 029,91

5 299,06

269,15

 Кара-Балта ш.

4 200,00

4 200,00

0,00

 Токмок ш.

4 098,78

4 097,52

-1,26

 Бишкек ш.

4 072,62

4 111,45

38,82

 Ош ш.

5 765,90

5 933,15

167,24

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода  точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 

Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт.

Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат.

____________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 27.01.2021, 11:58