Көмүр рыногундагы баалардын учурдагы абалы

Басылмалардын датасы: 08.10.2021


         Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.

            2021-жылдын 7октябрында өткөн жылдын октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо эсеп менен алганда бир тонна  үчүн  715,8 сомго же 16,1 пайызга өстү.
            Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 4000 сом) Токтогул шаарында (бир тонна үчүн – 4373,2 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн – 8 390,2 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 8 377,7 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 6 500 сом) шаарларында катталды.
            Көмүргө карата баалардын  бир кыйла  өсүшү өткөн жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Кербен - тоннасы 2 603,1 сомго же 1,7 пайызга, Жалал-Абад - тоннасы 1 652,1 сомго же 34,7 пайызга, Нарын - тоннасы 1000 сомго же 28,6 пайызга жана Баткен шаарларында тоннасы 1 739,6 сомго же 26,2 пайызга өсүшү белгиленди. Бир эле убакта, Талас шаарында анын баасы - тоннасы  61,8 сомго же 1,1 пайызга төмөндөгөн.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында
көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

(бир тонна, сом)

 

2020-октябрь

2021-жылдын

7-октябрында

Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 434,4

5 150,1

715,8

 Каракол ш.

5 312,5

6 147,9

835,5

 Балыкчы ш.

3 694,6

4 000,0

305,4

 Кербен ш.

3 346,6

5 949,8

2 603,1

 Токтогул ш.

-

4373,2

-

 Жалал- Абад ш.

4 762,2

6 414,3

1 652,1

 Чаек а., Жумгал району

2 500,0

2 500,0

0,0

 Нарын ш.

3 500,0

4 500,0

1 000,0

 Исфана ш.

7 293,8

8 142,5

848,6

 Баткен ш.

6 638,1

8 377,7

1 739,6

 Кара-Суу ш.

5 500,0

6 500,0

1 000,0

 Ноокат ш.

-

8 390,2

-

 Өзген ш.

4 457,2

5 438,7

981,5

 Покровка а., Манас району

-

4 899,0

-

 Талас ш.

5 500,0

5 438,2

-61,8

 Кара-Балта ш.

4 000,0

4 500,0

500,0

 Токмок ш.

3 949,7

4 500,0

550,3

 Бишкек ш.

4 012,7

4 558,5

545,8

 Ош ш.

5 630,2

6 500,0

869,8

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода  точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет - баасы убактылуу жок.

Кыскача маалымдоо: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо мезгилинде чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей сапатта, сатууну жана акы төлөөнү бирдей өлчөө бирдиктери менен болгон шарттарда ишке ашырууну карайт. Ошол эле учурда сатуу түйүндөрүндө товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат.

_______________________________________________________________________________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 08.10.2021, 17:00