Көмүр рыногундагы баалардын учурдагы абалы

Басылмалардын датасы: 15.10.2021


Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.
     2021-жылдын 14 - октябрына карата абалы боюнча өткөн жылдын октябрына салыштырмалу көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо алганда бир тонна  үчүн  793,7 сомго же 17,9 пайызга өстү.
Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн -  3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 4000 сом) Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн - 9 262,8 сом), Исфана (бир тонна үчүн – 8 485,3 сом) жана Баткен (бир тонна  үчүн – 8 242,6 сом) шаарларында катталды. 
     Көмүргө карата баалардын  бир кыйла  өсүшү өткөн жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Кербен - тоннасы 3 366,1 сомго же 2 эсе, Жалал-Абад - тоннасы 1 725 сомго же 36,2 пайызга жана Баткен шаарларында тоннасы 1 604,5 сомго же 24,2 пайызга өсүшү белгиленди. Бир эле убакта, Талас шаарында анын баасы - тоннасы  61,8 сомго же 1,1 пайызга төмөндөгөн.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында   көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары
  (бир тонна, сом)

 

 

2020-октябрь

 

2021-жылдын

7-октябрында

 

2021-жылдын

14-октябрында

Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

(2021 октябрдын 2 жумасы–2020-октябрь)

Кыргыз Республикасы

4434,4

5150,1

5 228,0

793,7

 Каракол ш.

5312,5

6147,9

6 147,9

835,5

 Балыкчы ш.

3694,6

4000,0

4 000,0

305,4

 Кербен ш.

3346,6

5949,8

6 712,8

3 366,1

 Токтогул ш.

-

4373,2

5 947,1

-

 Жалал- Абад ш.

4762,2

6414,3

6 487,2

1 725,0

 Чаек а., Жумгал району

2500,0

2500,0

3 000,0

500,0

 Нарын ш.

3500,0

4500,0

4 200,0

700,0

 Исфана ш.

7293,8

8142,5

8 485,3

1 191,4

 Баткен ш.

6638,1

8377,7

8 242,6

1 604,5

 Кара-Суу ш.

5500,0

6500,0

6 500,0

1 000,0

 Ноокат ш.

-

8390,2

9 262,8

-

 Өзген ш.

4457,2

5438,7

5 738,8

1 281,6

 Покровка а., Манас району

-

4899,0

5 300,0

-

 Талас ш.

5500,0

5438,2

5 438,2

-61,8

 Кара-Балта ш.

4000,0

4500,0

4 500,0

500,0

 Токмок ш.

3949,7

4500,0

4 598,9

649,2

 Бишкек ш.

4012,7

4558,5

4 558,5

545,8

 Ош ш.

5630,2

6500,0

6 763,5

1 133,3

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода  точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет
-баасы убактылуу жок.
Кыскача маалымдоо: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо мезгилинде чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей сапатта, сатууну жана акы төлөөнү бирдей өлчөө бирдиктери менен болгон шарттарда ишке ашырууну карайт. Ошол эле учурда сатуу түйүндөрүндө товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат.

_________________________
Баалар статистикасы бөлүмү   |e-mail: ceny@stat.kg;   |тел. + 996 (312)  625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 15.10.2021, 14:24