Апрель айындагы жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу артта калды

Басылмалардын датасы: 12.05.2021


Апрель айында белгиленген туруксуз аба ырайы (температуранын төмөндөшү менен тез-тез жааган жамгыр) жазгы талаа жумуштарынын темпинин төмөндөшүнө алып келди.

Устүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата республика боюнча жалпысынан 375,0 миң гектарга жаздык өсүмдүктөр себилди, бул 43,4 миң га же былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 10,4 пайызга аз.

Чүй облусунун чарбаларында жаздык өсүмдүктөрдүн эң көп аянты -  ал үстүбүздөгү жылдын жазгы себүүнүн жалпы аянтынын 42,3 пайызыды,  Ош облусу - 20,3 пайызы, Ысык-Көл облусу - 14,2 пайызы жана             Жалал-Абад        облусу - 13,8 пайызды түзгөн.

23-апрелге карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча  себилиши

 

Себилди - бардыгы,

миң гектар

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата

Жыйынтыкка

2020

2021

пайыз менен

Кыргыз Республикасы

418,4

375,0

89,6

100

Баткен облусу

29,0

27,9

96,5

7,4

Жалал-Абад облусу

58,9

51,8

88,0

13,8

Ысык-Көл облусу

65,4

53,1

81,2

14,2

Нарын облусу

8,3

2,5

29,5

0,6

Ош облусу

72,9

76,0

104,3

20,3

Талас облусу

7,4

3,7

49,2

1,0

Чій облусу

174,9

158,6

90,7

42,3

Ош ш.

1,6

1,4

88,3

0,4

Жаздык арпанын айдоо аянты үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде 2020 жылдын  жаздык өсүмдүктөр себилген аянтына карата 76,5 пайызды, жаздык буудай - 76,2 пайызды, кант кызылчасы - 93,7 пайызды, пахта - 64,9 түздү. пайыз, май өсүмдүктөрү - 51,6 пайыз, данга жүгөрү - 47,9 пайыз, жашылча - 45,6 пайыз, көп жылдык жалаң чөптөр - 44,9 пайыз жана картошка - 28,0 пайызды түздү.

23-апрелге карата жаздык өсүмдүктөрдү түрлөрү боюнча себүү

 

Себилди -

бардыгы, миң гектар

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата

2020-жылы жаздык өсүмдүктөр себилген аянтка

2020

2021

пайыз менен

Себилди – бардыгы

      анын ичинен:

418,4

375,0

89,6

54,9

 буудай

95,3

92,6

97,1

76,5

 арпа

163,5

154,4

94,4

76,2

 дандык жүгөрү

54,4

45,6

83,8

47,9

 картошка

21,3

14,0

65,7

28,0

 жашылчалар

19,1

15,0

78,4

45,6

 май өсүмдүктөрү

11,9

9,7

81,7

51,6

 пахта

14,9

14,1

95,0

64,9

 кант кызылчасы

7,2

7,6

106,1

93,7

 көп жылдык чөптөр

18,4

15,2

82,7

44,9

Мындан тышкары апрел айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү  70,5 миң гектар аянттагы күздүк эгиндери азыктандырылды жана 356,1 миң гектар жазгы айдоо аянты айдалды.
Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 12.05.2021, 14:11