2016-2020-жылдарга карата чарбалык эсептерин каттоо документтерин нускалоо

Басылмалардын датасы: 02.10.2015


2016-2020-жылдарга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында чарба каттоосун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борборунун тапшырыгы боюнча 2016-2020-жылдарга карата чарба каттоосунун документтерин нускалоо боюнча иштер аткарылууда, тагыраак айтканда:

  • “Чарба китеби”, мында айыл округунун аймагында туруктуу жашаган үй чарбалары, алардын калктуу пункттагы жайгашкан тартиби боюнча жазылат;
  • “Чарбалардын алфавиттик китеби”, “Чарба китебинде” жазылган баардык үй чарбалар киргизилет;

 

  • 2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына чарба каттоосунун документтерин киргизүү жөнүндөгү көрсөтмө.

 

Ошондой эле,  айылдык аймактын, шаардын аймагынан тышкары жашаган ɵзүнчɵ турган объектилердин жана анда кармалган малдын саны, жер пайдалануучулар иштеткен жер үлүшүнүн аянты боюнча чарбалык эсеп каттоосунун документтерин нускалоо боюнча да иштер жүргүзүлүүдө

2015-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына чарба эсептерин каттоосунун документтерин жеткирүү пландалууда. 


_____________________________________________________________________________________________________________
КР Улуттук Статистика Комитетинин      |    e-mail: stat1@stat.kg    |    тел.: +996 (312) 32 46 03

Башкы Эсептɵɵ Борбору 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.10.2015, 10:13