Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери жат жазуу жазышты

Басылмалардын датасы: 22.11.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын начальниктери, бөлүм башчылары жана иш кагаздарын жүгүртүү менен алектенген кызматкерлери мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты. Иш-чара “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында уюштурулган “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен уюштурулду. Жат жазуу өнөктүгүнө Улутстаткомдун 32 мамлекеттик кызматкери катышып, өздөрүнүн мамлекеттик тилде туура жаза билүү деңгээлдерин сынашты.


Акыркы жаңылоо: 22.11.2022, 12:41