Касымбеков Баисбек Касымбекович дүйнөдөн кайтты

Басылмалардын датасы: 04.12.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги жана эмгек жамааты Касымбеков Баисбек Касымбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтуу менен, орду толгус оор жоготуусун, кайгы-муңун алар менен кошо бөлүшүшөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, Касымбеков Б.К., жалпысынан, жарым кылым аралыгында мамлекетибиздин социалдык өнүктүрүү, экономика, айыл-чарба,  статистика тармактарында, илимий чөйрөсүндө үзүрлүү эмгектенип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ар бир этапта өзүнчө, өзүнүн зор салымын кошуп, бир катар жаш адистерди өстүрүп, өзгөчө акыркы жылдары статистика тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө бекем пайдубал орноткон.

Бул аралыктагы ишмердигинде Баисбек Касымбеков  “Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” аттуу мамлекеттик сыйлыктар жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси” деген класстык чени менен, ошондой эле, бир катар мамлекеттик органдардын төш белгилери жана грамоталары менен сыйланган. Өлкөнүн илимий чөйрөсүндө “Экономика илимдеринин доктору” деген наамга татыктуу ээ болуп, жетимиштен ашуун илимий – популярдуу эмгектерди жараткан.

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 04.12.2018, 17:05