2016-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын санынын жогорку өсүүсү сакталып калды

Басылмалардын датасы: 10.02.2017


Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны алдын-ала баалоо боюнча 2017-жылдын 1-январына карата 6 млн. 140 миң адамды түздү, 2016-ж. 121 миң адамга же 2,0 пайызга көбөйдү. Калктын санынын мынчалык жогорку өсүүсү калктын эмиграциясы олуттуу кыскарган 2012-жылдан баштап өлкөдө сакталып калды. Республикалык көрсөткүчтөн жогору калктын саны Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында (2,2-2,3 пайыз) өстү.

 

2014

2015

2016 (алдын ала)

2016-ж. 2014-ж. пайыз менен

Турукту калктын саны, жылдын аягына карата баалоо, миң адам

5 895,1

6 019,5

6 140,2

 

104,2

Турукту калктын санынын жалпы өсүүсү:

 

 

 

 

миң  адам

118,5

124,4

121,0

102,1

пайыз менен

2,1

2,1

2,0

95,2

Төрөлгөндөрдүн саны, адам

161 813

163 452

158 160

97,7

Өлгөндөрдүн саны, адам

35 564

34 808

33 475

94,1

анын ичинен 1 жашка чейинки чарчап калган балдардын саны, адам

3 268

2 945

2 621

80,2

Калктын табигый өсүүсү, адам

126 249

128 644

124 685

98,8

Никелешүүлөрдүн саны, бирдик

54 942

52 043

47 837

87,1

Ажырашуулардын саны, бирдик

9 235

8 588

9 102

98,6

Келгендердин саны, адам

3 928

3 559

3 160

80,4

Кеткендердин саны, адам

11 685

7 788

7 125

61,0

Миграциялык өсүү, кетүү агымы (-), адам

-7 757

-4 229

-3 965

51,0

 

Калктын 1000ине

 

 

 

 

Төрөлгөндөрдүн саны

27,7

27,4

26,0

93,9

Өлгөндөрдүн саны

6,1

5,8

5,5

90,2

анын ичинен 1 жашка чейинки чарчап калган балдардын саны (тирүү төрөлгөндөрдүн 1000ине алганда)

20,2

18,0

16,6

82,2

Калктын табигый өсүүсү

21,6

21,6

20,5

94,9

Никелешүүлөрдүн саны

9,4

8,7

7,9

84,0

Ажырашуулардын саны

1,6

1,4

1,5

93,8

Келгендердин саны

0,7

0,6

0,5

71,4

Кеткендердин саны

2,0

1,3

1,2

60,0

Миграциялык өсүү, кетүү агымы (-)

-1,3

-0,7

-0,7

53,8

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдын ала маалыматтар боюнча 2016-ж. ЖААК органдарында 158,1 миң жаңы төрөлгөндөр же калктын 1000ине алганда 26,0, 33,5 миң өлгөндөр же калктын 1000ине алганда 5,5 адам катталды. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 124,6 миң адамды же калктын 1000ине 20,5ди түздү. Калктын табигый өсүүсүнүн эң жогорку деңгээли Ош жана Баткен облустарында (калктын 1000ине 24 адам) белгиленди.

2016-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 3,2 миң адам келсе, кеткендердин саны 7,1 миң адам түзгөн, калктын миграциялык агымы -3,9 миң адамды түздү. 1000 тургунга эсептегенде эмигранттардын саны 2014-ж. 2,0 адамдан 2016-ж. 1,2 адамга чейин кыскарган.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү           |e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.02.2017, 13:50