2018-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстардын көлөмү 18 млн. тоннага жакын шарттуу отунду түздү

Басылмалардын датасы: 09.01.2020


2018-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстун (өзүнүн кайра иштетилген жана кайра түзүлгөн продуктуларын эске алуу менен) көлөмү 18 млн. тоннага жакын шарттуу отунду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга, ал эми 2014-жылга салыштырмалуу - 14,7 пайызга көбөйдү.

Отун-энергетикалык ресурстардын негизги түрлөрү
(шарттуу отун миң тонна)

 

2014

2018

2018-ж. 2014-жылга карата пайыз менен

Бардыгы

15 563

17 844

114,7

анын ичинен:

 

 

 

     көмүр

2 374

2 865

120,7

мунай (газ конденсатын кошкондо)

134

315

2,4 эсе

жаратылыш газы

329

387

117,6

автоунаа бензини

1 021

1 330

130,3

дизелдик күйүүчү май

943

1 197

126,9

күйүүчү мазут

322

320

99,4

авиация жана башка максаттар үчүн керосин

145

122

84,1

гидроэнергия

4 584

4 933

107,6

электр энергия

5 122

5 418

105,8

жылуулук энергиясы

491

471

95,9

башка түрлөрү

98

486

4,9 эсе

Отун-энергетикалык балансынын (ОЭБ) ресурстук бөлүгүндө ОЭР импортунун үлүшү 2014-жылы 21,4 пайыздан 2018-жылы 19,1 пайызга чейин төмөндөдү. Отун-энергетикалык ресурсу негизинен Казахстандан, Өзбекистандан жана Россиядан келип түшөт. Дээрлик көмүрдүн бардык көлөмү Казахстандан, жаратылыш газы – Өзбекистандан жана Россиядан, дизелдик отун жана автоунаа    бензини негизинен Казахстан менен Россиядан келип түшөт.                                

ОЭБ ресурстук бөлүгүнүн түзүмүнүн өзгөрүлүшү
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

                                 

Бөлүштүрүү бөлүгү түзүлүшүнүн балансында өндүрүү - технологиялык жана башка муктаждыктарга сарпталган отун-энергетикалык ресурстардын көлөмүнүн үлүшү 2014-жылы 43,3 пайыздан 2018-жылы 49,7 пайызга, ал эми ОЭР экспорттун үлүшү, турушуна карата 2,2 пайыздан 5,8 пайызга чейин көбөйдү. Ошол эле учурда,  энергиянын башка түрлөрүнө айлантууга сарпталган отун-энергетикалык ресурстардын көлөмүнүн үлүшү 2014-жылы 37,1 пайыздан 2018-жылы 31,7 пайызга чейин азайды.  

ОЭБ бөлүштүрүү бөлүгү түзүмүнүн өзгөрүлүшү
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

           

                                                                                                  

2018-жылы республиканын ички рыногунда 14,5 млн. тонна отун ресурстарынын шарттуу отуну сарпталды, анын ичинен 8,9 млн. тонна шарттуу отун же 61 пайызы өндүрүү-технологиялык жана башка муктаждыктарга, 5,6 млн. тонна шарттуу отуну же 39 пайызы - энергиянын башка түрлөрүн айлантууга сарпталган.

Жаратылыш  ресурстарынын жалпы суммасынын ичинде көмүрдүн үлүшүнүн кобөйгөндүгү белгиленди. Эгерде, 2014-жылы ал 15,3 пайызды түзсө, ал эми 2018-жылы 16,1 пайызга жетти.

Ошондой эле 2018-жылы көмүр өндүрүүнүн көлөмү 2,4 млн. тоннаны түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 32,2 пайызга жогорулады. Негизинен алганда көмүр ички рынокто керектелет, анын керектөө үлүшү жалпы керектөөлөрдүн ичинен 50 пайыздан ашыгын түздү.

Чийки мунай ресурстары 2018-ж. 220,5 миң тоннаны түздү, алардын 91 пайызы (200 миң тонн) өндүрүүгө, бир пайыз импортко жана 8 пайызы калдыктарга туура келди. Өндүрүү жана күйүүчү отун муктаждыктарына керектелбеген материал катары 137,4 миң тонна мунай же  жалпы ресурстардын ичинен 62,3 пайызы сарпталды.

2018-жылы жаратылыш газынын ресурстарынын дээрлик 78 пайызы Россиядан келген импорт менен камсыз кылынган. 2014-жылы салыштырганда аны өндүрүү 5,2 млн. куб. метрге же 16 пайызга кыскарып 27,3 млн. куб метрди түздү. Күйүүчү май катары 207 млн. куб метр газ же 61,8 пайыз, энергиянын башка түрлөрүн айлантууга 92,6 млн. куб. метр газ же жалпы керектөөнүн ичинен 27,6 пайыз,  өндүрүү жана күйүүчү отун муктаждыктарына керектелбеген материал катары 1,6 пайыз жана жоготуулар 9 пайызды түздү.

Мунай заттарына болгон суроо-талап негизинен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат. 2018-жылы 79 миң тоннадан ашык дизелдик май өндүрүлдү, бул 2014-жылга салыштырмалуу   же  2,6 эсеге көп, ал эми анын импорттук келип түшүүлөрү 1,4 эсеге көбөйүп 706 миң тоннаны түздү.

 Автоунаа бензинин өндүрүү 219 миң тоннаны түзүп, 2014-жылга малыштырмалуу 3,4 эсеге көбөйдү, ал эми анын импорттук келип келип түшүүлөрү 2,2 пайызга өсүп 632 миң тоннаны түздү.

Күйүүчү мазутту өндүрүү 2018-жылы 157 миң тоннаны түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү, ал эми  импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 90 пайызга чейин азайды. Ошол эле учурда эки абал – автомобиль бензини жана күйүүчү май боюнча экспорттун өсүшү белгиленди.

2018-жылы бардык отун катары керектөөнүн ичинен түздөн-түз дизелдик отуну катары жалпы дизелдик керектөөнүн ичинен 90,6 пайызы, 88,7 - автоунаа бензини жана 32,1 пайыз - отун мазуту керектелди. Авиациялык керосинге болгон суроо-талап толугу менен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен канааттандырылат.

2018-жылы 15,7 млрд. кВт/саат электрэнергиясы өндүрүлдү, анын 77 пайызы ички рынокто керектелди. Былтыркы жылга салыштырмалуу электрэнергиясынын көлөмү 1,9 пайызга, ал эми 2014-жылга салыштырмалуу 7,9 пайызга жогорулады. 2018-жылы электрэнергиясынын жоготуулары жалпы ресурстардын ичинен 17,9 пайызды түздү (2014-жылы 23,3 пайыз).   

Жылуулук энергиясын өндүрүү 2018-жылы 3,2 млн. гигакалорийди түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга азайды. Бардык жылуулук энергиясынын көлөмү ички рынокто керектелет. Ошондой эле, 2018-жылы анын жоготуусу 74 пайызга кыскарып 243,3 миң гигакалорийди түздү. Беш жылдын ичинде жалпы ресурстардын көлөмүнүн ичинде жылуулук энергиясынын жоготуусу 2014-жылы 28,2 пайыздан 2018-жылы 7,7 пайызга чейин төмөндөдү.

 

 

 

________________________________________________________________

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү |e-mail: a.mamanova@stat.kg |

тел. + 996 (312) 664044

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.01.2020, 17:33