2019-жылы республикада жашылча өндүрүүнүн өсүүсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 17.01.2020


2019-жылы республикада бир миллион тоннадан ашык жашылча чогултулду, бул өткөн жылдын ушуга окшош көрсөткүчүнөн 3,5 пайызга ашты.

Помидор 240 миң тоннадан ашык же 7,1 пайызга көп чогултулган, сабиз – 182 миң тоннага жакын (3,2 пайызга көп), бадыраң – 130 миң тонна же 8,7 пайызга көп. Чесноктун түшүмүнүн көлөмү дээрлик  25 пайызга чейин көбөйдү.

Муну менен катар, капуста – 134 миң тоннага жакын чогултулду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,1 пайызга аз, пияз – 200 миң тоннадан ашык же 4,1 пайызга аз чогултулган.   


2019-жылы жашылчалардын айрым түрлөрүн өндүрүү

 

 

          Миң тонна

Өткөн  жылга карата пайыз менен

 
 

 

2018

2019

2018

2019

 

Бардыгы

1 094,9

1 133,6

100,8

103,5

 

  анын ичинен:

         

  помидор

224,7

240,7

98,2

107,1

 

  пияз

209,8

201,2

103,6

95,9

 

  сабиз

176,5

182,1

96,0

103,2

 

  капуста

147,0

133,6

99,9

90,9

 

  бадыраң

119,6

130

101,1

108,7

 

  чеснок

55,5

69,2

105,4

124,6

 

  башка жашылчалар (мурч, чамгыр, баклажан, жашылчалар)

135,4

149,8

106,0

110,7

 
 


Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 17.01.2020, 17:38