2019-жылы Кыргызстанда калктын адам башына карата ИДПнын көлөмү 1 300 АКШ долларынан ашты

Басылмалардын датасы: 07.12.2020


Алдын ала маалыматтарга караганда, 2019-жылы калктын адам башына карата республиканын Ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 1 300 АКШ долларынан ашты. Бул тууралуу Улутстаткомдун экономикалык статистика жана улуттук эсептер теңдеми Башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова социалдык тармакта уюштурулган түз эфирде билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБ мамлекеттеринин рейтингинде калктын адам башына карата ИДПнын көлөмү боюнча Россия алдыда турат.

“Россияда калктын адам башына карата ИДПнын көлөмү – 11 601 АКШ долларын түзөт. Казакстан экинчи орунда турат, ал жакта 1 адамга 9 750 долларга товар менен тейлөө өндүрүлөт. Рейтингдин ортосунда Белорусь менен Армения жайгашкан, алардын ИДПсы 6 658 доллар менен 4 760 долларды түздү. Кыргызстан ЕАЭБ өнөктөштөрүнөн кыйла артта калууда. Бул биздин жашоо деңгээлибизди көрсөтүп, биздин мамлекет бай эмес өлкөлөрдүн катарына кирээринен кабар берет”, - деди Эльвира Исенкулова.

Мындан тышкары, адис Аймактын дүң өндүрүмдүүлүгүнө токтолуп, ал кантип эсептелинээрин түшүндүрүп берди.

Улутстаткомдун Facebook баракчасында уюштурулган түз эфирдеги лекцияга Кыргыз экономикалык университеттин студенттери жана расмий сайттын башка пайдалануучалары катышышты.

Түз эфирдеги лекциялар: "ИДП деген эмне жана ал кантип эсептелет?" 


Акыркы жаңылоо: 07.12.2020, 14:36