2020-жылы экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын пайдасы 4,5 эсеге төмондөдү

Басылмалардын датасы: 17.06.2021


2020-жылы республиканын экономикасынын реалдуу секторунда 22 миңге жакын ишканалар жана уюмдар ишмердигин жүргүзүштү. 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча алар тарабынан 10,6 млрд. сом өлчөмүндө пайда, оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды, ага карабастан, анын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге азайды. Бул операциялык эмес ишмердиктен олуттуу чыгымдар суммасын алуу менен шартталды, алардын негизги көлөмү чет өлкөүк валютадагы операциялар боюнча терс курстук айырмачылыктардан жана карыздар боюнча төлөнүүчү пайыздардан түзүлдү.

Экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык-чарбалык ишмердиги акыркы беш жылдын ичинде рентабелдүү бойдон калды. Бирок 2020-жылы акыркы беш жылдын ичинде сальдолоштурулган пайданын эң аз суммасы жана операциалык эмес ишмердиктен чыгымдардын эң чоң көлөмү алынды. Мындай чыгымдардын суммасы 2019-жылга салыштырмалуу 7 эсеге көбөйдү жана 60,5 млрд. сомго жетти.  

 2020-жылы экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан  акыркы беш жылдын ичинде 2,1% өлчөмүндө эң аз сатуулардын рентабелдүүлүк* деңгээлине жетишилди, бул 2019-жылдагы анын маанисинен 8,2 пайыздык пунктка төмөн. Ушуга жараша, кирешенин кайсы бөлүгү уюмдун түшкөн пайдасында турганын сатуулардын рентабелдүүлүгү көрсөтүп турат, республиканын экономикасынын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан алынган дүң кирешенин 1 сомунан орточо 0,02 сом (2 тыйын) пайда алынды.  

Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү    
(пайыз менен)

 

2016

2017

2018

2019

2020

Бардыгы

13,4

6,7

6,4

10,3

2,1

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык

 уулоочулук

12,2

15,6

6,3

7,7

10,8

Пайдалуу кендерди казуу

15,6

12,0

10,4

15,0

-23,8

Иштетүү  өндүрүшү

12,4

10,1

8,1

9,4

10,7

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган

 аба менен камсыздоо

9,5

-22,6

-11,0

-5,8

-38,8

Cуу  менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды
   иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

0,9

-6,1

-1,8

0,8

-4,4

Курулуш

10,7

3,6

3,1

2,7

1,4

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
   жана мотоциклдерди оңдоо

19,5

22,7

20,3

22,9

14,8

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

14,9

15,3

10,5

23,0

10,4

Мейманканалар жана ресторандар

0,0

-7,4

-2,5

-6,1

-88,9

Маалымат

13,1

17,5

12,0

14,5

12,5

Байланыш

19,5

20,3

17,9

17,9

9,9

Финансылык ортомчулук

25,3

20,6

30,9

15,5

21,0

Кыймылсыз мүлк операциялары

20,2

21,8

17,0

24,0

-9,4

Кесиптик, илимий жана техникалык

 ишкердик

15,9

-60,5

-49,9

-3,0

-78,1

Административдик жана көмөкчү ишмердик

14,5

16,0

14,1

15,8

7,6

Билим берүү

5,0

3,1

3,7

5,1

4,9

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык

 жактан тейлөө

7,4

4,8

7,0

8,4

-0,9

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

6,6

-3,5

4,1

-3,3

-44,3

Башка тейлөө ишмердиктери

18,4

22,8

19,2

8,5

7,2

2020-жылы компьютер, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү ишканалары, финансылык ортомчулук уюмдары, ошондой эле фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар тарабынан сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн эң жогорку (20 пайыздан 30 пайызга чейин) деңгээлине жетишилди.

Муну менен катар, 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), химиялык продукцияларды өндүрүү, пайдалуу кендерди казуу, тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүү, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (анын ичинде геологиялык чалгындоо) ишканалары тарабынан сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн терс маанилерин алуусун шарттаган олуттуу чыгымдарга жол берилген.

Мындан тышкары, чыгашалуулуктун жогорку деңгээли мейманкана жана ресторан биснесинин ишканаларында (-88,9%), ошондой эле искусство, көңүл ачуу жана эс алуу уюмдарында (-44,3%) катталды, алар 2020-жылы карантиндик жана санитардык-эпидемиологиялык нормалардын талаптарын аткаруу, ошондой эле социалдык дистанциянын чектөө чараларын сактоо максатында алар өз ишин токтото турууга же чектөөгө аргасыз болушкан.

______________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;          |тел. + 996 (312)  626073,625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

*Сатуулардын рентабелдүүлүгү, отчеттук мезгилде ишкана тарабынан алынган продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн киршеге (дүң кирешеге) карата сальдолоштурулган финансылык натыйжанын (чыгымдын) катышы.


Акыркы жаңылоо: 17.06.2021, 13:41