2020-жылы республикада ВИЧ инфекциясын жуктурган 675 адам аныкталган

Басылмалардын датасы: 01.12.2021


2020-жылы республикада ВИЧ-инфекциясын жуктурган 675 адам аныкталган, алардын 76%ы жыныстык жол менен жуккан. Акыркы жылдарда инфекциянын жыныстык жол менен жуккан учурлары (2016-жылы 60%) көбөйдү.

ВИЧ-инфекциясынын натыйжасында 2020-жылы 78 адам каза болгон, алардын көбү (48 адам каза болгон) эркектер. Бирок алардын айрымдарынын өлүмүнө баңги затын ашыкча колдонуу жана башкалары себеп болгон. Өлгөндөрдүн жалпы санынын дээрлик бардыгы (99%) 30 жаштан 50 жашка чейинкилер, башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактагылар болгон. 2020-жылы ВИЧ инфекциясынан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө антиретровирустук дарыларды кабыл алган ВИЧ-инфекциясы бар адамдын өмүрүнүн узактыгы ошол эле курактагы дени сак адамдын өмүрүнүн узактыгынан айырмаланбайт.

Алынган иммундук жетишсиздик синдромуна – ВИЧ/СПИДге каршы Бүткүл дүйнөлүк күн, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими боюнча жыл сайын 1-декабрда белгиленет.

Бул дата ВИЧ-инфекциясынын дүйнө жүзү боюнча таралышы боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана СПИД жана ВИЧ-инфекциясы бар адамдарга карата бейкалыс пикирлерге каршы күрөшүү максатында белгиленген.
____________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042
Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

 


Акыркы жаңылоо: 01.12.2021, 10:30