2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик жарымына төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 10.12.2021


Республикада дан эгиндерин чаап-жыйноо аяктады. Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 1,4 миллион тонна дан (алгачкы кабыл алынган салмакта) же 29 пайызга аз бастырылды.

23-ноябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы  

(миң тонна)

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

 

2020

2021

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

570,9

576,7

5,8

101,0

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта)

1 926,1

1 370,4

- 555,7

71,1

1 гектардан, ц

33,4

23,7

- 9,7

71,0

 бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

666,7

385,7

- 281,0

57,9

 бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

542,0

292,1

- 249,9

53,9

  жыйналган дан жүгөрү

714,5

691,2

- 23,3

96,7

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта)

112,9

90,0

- 22,9

79,7

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр

24,4

18,2

- 6,2

74,6

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык)

448,8

363,5

- 85,3

81,0

Казылган картошка аянты, миң га

76,3

74,9

- 1,4

98,2

Жыйналган картошка

1 327,2

1 289,1

- 38,1

97,1

1 гектардан, ц

171,8

171,9

 0,1

100,1

Жыйналган жашылчалар

1 129,3

1 114,2

- 15,1

98,7

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү

261,5

224,9

- 36,6

86,0

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

277,8

266,8

- 10,9

96,1

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Мында, буудайдын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 42,%га, арпанын - 46,%га кыскарды.

Мындан тышкары, май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы - 25,4%га, кант кызылчасы - 19%га, бакча өсүмдүктөрү - 14%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 3,9%га, дан жүгөрү - 3,3%га, картошка - 2,9%га жана жашылчалар — 1,3%га төмөндөдү.

_____________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.12.2021, 15:43