2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк түрлөрүнүн өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 13.01.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2022-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун жыйынтыгын чыгарды.

Жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк түрлөрүнүн өсүшү белгиленди. Ошону менен бирге, 1,9 млн. тоннага жакын эгин бастырылды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 40% көп. 2021-жылга салыштырмалуу дан өндүрүүнүн көбөйүшү буудайдын (1,7 эсеге) жана арпанын (1,8 эсеге) түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы менен шартталган.

Негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң түшүмү
(миң тонна)

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылга карата

 

2021

2022

+, -

пайыз менен

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (тазалгандан кийинки салмакта)

1 329,1

1 867,3

538,1

140,5

  1 гектардан, ц.

22,9

32,2

9,3

140,6

 бастырылган буудай (тазалгандан кийинки салмакта)

362,7

592,5

229,8

163,4

       1 гектардан, ц.

14,5

25,4

10,9

175,2

бастырылган арпа (тазалгандан кийинки салмакта)

274,1

539,6

265,5

196,9

        1 гектардан, ц.

12,5

23,1

10,6

184,8

  жыйналган дан жүгөрү

691,1

732,6

41,5

106,0

        1 гектардан, ц.

64,3

67,0

2,7

104,2

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (тазалгандан кийинки салмакта)

85,5

80,6

- 4,8

94,3

      1 гектардан, ц.

14,1

14,1

0

100,0

Жыйналган картошка

1 289,1

1 275,0

- 14,1

98,9

    1 гектардан, ц

170,4

170,2

-0,2

99,9

Жыйналган жашылчалар

1 114,2

1 163,6

49,4

104,4

      1 гектардан, ц.

193,3

197,4

4,1

102,1

Жыйналган кант кызылчасы (фабрикалык)

365,6

468,1

102,5

128,0

      1 гектардан, ц.

358,3

518,1

159,8

144,6

Жыйналган тамеки (зачеттук салмакта)

1,1

1,2

0,1

109,3

      1 гектардан, ц.

25,3

26,0

0,7

102,8

Жыйналган пахта (зачеттук салмакта)

66,9

75,6

9,6

114,4

      1 гектардан, ц.

34,8

35,4

0,6

101,7

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү

224,9

226,1

1,2

100,5

      1 гектардан, ц.

203,9

210,9

7,0

103,4

Жыйналган май өсүмдүктөрү

17,8

19,7

1,9

110,4

      1 гектардан, ц.

10,5

11,0

0,5

104,8

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

266,4

275,5

9,1

103,4

      1 гектардан, ц.

50,2

53,8

3,6

107,2

Өткөн жылга салыштырмалуу кант кызылчасын (28 пайызга), пахтаны (14 пайызга), май өсүмдүктөрүн (10 пайызга), тамекини (9 пайызга), жүгөрүнү данга (6 пайызга), жашылчаларды (4 пайызга) жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн (3 пайызга) дүң жыйноо кыйла көбөйдү.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү                    | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.01.2023, 16:16