Бишкекте «Сапаттуу экономика саясаты үчүн сапаттуу маалыматтар» деген темада регионалдык конференция өтүп жатат - ФОТО

Басылмалардын датасы: 21.05.2019


Ушул күндөрү Бишкекте Улуттук системаларды өркүндөтүү жана модернизациялоо ыкмаларын, маалыматтарды жүргүзүүнүн жана талдоонун ортосунда өз ара иш-аракеттерди жүргүзүү, ошондой эле алдыда боло турган жетишкендиктерге жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн,  дүйнөлүк деңгээлдеги статистикалык ведомстволордун өнүгүүсүнүн практикалык тажрыйбалары менен эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Сапаттуу экономика саясаты үчүн сапаттуу маалыматтар» деген темада регионалдык конференциясы    өтүп жатат.  

Конференциянын катышуучуларынын алдында Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлү Болормаа Амгабазар,  Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча Регионалдык директору Лилия Бурунчук,  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы  Акылбек Султанов, Борбор Азия боюнча Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлигинин башчысы Питер Фернандес-Карди саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөштү.  

Регионалдык конференциянын катышуучуларын куттуктоо менен чыгып, Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов өз сөзүндө, негизделген саясий жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн статистикалык маалыматтын жана анын ролунун абдан маанилүүлүгүн көрсөтүү менен: «биз туруктуу өнүгүү үчүн негизделген саясий жана башкаруу чечимдерин кабыл алууда маалыматтардын олуттуу мааниси бар – санариптик доордо жашап жатабыз.    

Статистика – бул социалдык-экономикалык, демографиялык жана коомдук-саясий процесстерди чагылдырган коомдун күзгүсү деп айтсак жаңылышпайбыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиясы так ушул расмий статистиканын маалыматтарынын негизинде иштелип чыгат жана андан ары алардын мониторинги жүргүзүлөт», - деп баса белгиледи А. Султанов.

21-22-майда, эки күндүн ичинде, эксперттер Регионалдык конференциянын катышуучуларына алдыңкы аналитикалык ыкмалар экономикалык саясат чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдардын потенциалын олуттуу түрдө жакшырта тургандыгын  көрсөтүшөт. 

 


Акыркы жаңылоо: 21.05.2019, 18:05