Бишкекте «БУУ ФАОнун координациясынын алдындагы ТӨМ көрсөткүчтөрү» аттуу семинар өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 28.11.2017


Бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде «БУУ ФАОнун координациясынын алдындагы ТӨМ көрсөткүчтөрү» темасындагы үч күндүк семинар  өз ишин баштады.

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев иш-чараны ачып жатып, ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө чакырды жана катышуучуларга иштеринин үзүрлүү жана кызыктуу болушун каалады.

Семинардын ачылышында БУУ ФАОнун, Айыл чарбаминдин, КР  Өкмөтүнө караштуу УСИИнин  өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Кыргызстандагы ФАОнун субрегионалдык бөлүмүнүн статистика маселеси боюнча кызматкери Гиоргий Квиникадзе бир нече маселелер бар экенин, алардын эң башкысы көп көрсөткүчтөр алардын методологиялык  өнүгүшүнүн баштапкы деңгээлинде турганын, бул индикаторлордун ролун жана маанилүүлүгүн, ошондой эле аларды  өндүрүүнүн жолдорун ачык эмес түшүнүүгө алып келип жатканын белгиледи.

Бул семинардын максаты ТӨМгө жетишүүнүн мониторинги үчүн глобалдуу индикаторлор боюнча кабардар болуунун де ңгээлин жогорулатуу болуп саналат, мында негизги министрликтердин жана ведомстволордун  өкүлдөрү үчүн БУУ ФАОнун Азык- түлүк жана айыл чарба уюму жооптуу уюм катары чыгып жатат.

Семинарга БУУ ФАОнун жоопкерчилигинде турган ТӨМдүн 21 индикаторун улутташтыруу процессине тартылган бардык кызыкдар тараптар катышууда. Жалпылап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык  өнүгүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жана Кыргыз Республикасындагы БУУ ФАОнун  Өкүлчүлүгүнүн  өкүлдөрү катышып жатат.

Семинардын жыйынтыгы боюнча максаттуу аудитория төмөнкүлөр жөнүндө так түшүнүк алууга тийиш:

ТӨМгө мониторинг жүргүзүүдө жана ишке ашырууда БУУ ФАОнун регионалдык жана улуттук де ңгээлдеги ролу;

БУУ ФАОнун жооптуу болгон 21 көрсөткүчтүн ар биринин методологиясы;

 Өлкөбүз бул маалыматтарга болгон муктаждыкты канааттандыруусу үчүн керек болгон кадамдарды жана индикаторлорду түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар;

Ушул индикаторлорду түзүүнүн жол-жоболору жана БУУ ФАО менен  өз ара аракеттенүү.


Акыркы жаңылоо: 29.11.2017, 15:33