Улустаткомдун пресс-клубунун кезектеги отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 31.03.2017


Бүгүн, 31-мартта, Улутстаткомдо республиканын статистикалык органдарынын жүргүзгөн иштерин, методологияларын, эсептөөлөрүн тагыраак көрсөтүп берүү боюнча, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чагылдыруучу журналисттер менен статистика кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Журналисттердин алдына Улутстакомдун Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер системасы жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы Амнагүл Кудербаева чыгып суйлөдү, ал Жалпы ички өндүрүмдү эсептөөнүн ыкмалары, эмнелерден куралары, өсүү жана төмөндөө тенденциялары  жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал журналисттерге ушундай экитараптуу маанилүү ишчарага катышып келгендери үчүн ыразычылык билдирди.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Тамара Таипова Кыргыз Республикасынын калкынын ички миграциясы, статистикалык маалыматтарды кантип туура талдоо жөнүндө жолугушуунун катышуучуларына айтып берди, эсептер кандай жүргүзүлөрүн слайдда көрсөтүп, журналисттердин жана Улутстаткомдун кызматкерлеринин суроолоруна жоопторду берди.

Журналисттердин алдына чыгып сүйлөөлөрдү Социалдык-демографиялык жана эмгек рыногунун статистикасы Башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Гулнара Жайлобаева орточо айлык акы жана калктын жумуш менен камсыздалуусу жөнүндө айтып берүү менен аяктады.

Жолугушууда активдүү диалог жүрүп, Улутстаткомдун адистери журналисттердин суроолоруна жоопторду беришти. Мындай жолугушуулардын эки тарапка тең бирдей манилүүлүгүн  жолугушуунун катышуучулары бир добуштан белгилешти.

Презентациялар:

ИДП эсептөө ыкмалары;

Кыргыз Республикасынын калкынын ички миграциясы;

Орточо айлык акы

 


Акыркы жаңылоо: 31.03.2017, 14:35