Бишкекте “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 16.11.2017


Бүгүн, 16-ноябрда, The Plaza Hotel мейманканасынын конференц-залында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен уюштурулган, “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча Тегерек столдун отуруму өткөрүлдү.

         Иш-чара, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, коомучулуктун өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорун иштеп чыгууда консултациялык колдоо көрсөтүүчү, эл аралык эксперттердин катышуусу менен болуп өттү.

Саламдашуу сөзү менен чыгып, Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов Мыйзамдагы: расмий статистиканын жаңы системасы, БУУнун статистика жаатындагы фундаменталдык принциптери, Улутстаткомдун расмий статистиканы жайылтууга, Статистика боюнча кеңештин ишине жарандык коомду тартууга карата ачык саясаты сыяктуу негизги жаңы өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу Бүткүл Дүйнөлүк Банктын "Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларын ишке ашыруу" долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Ошондой эле, отурумда мыйзамдын жаңы редакциясы, чыныгы маалыматтардын негизинде саясий чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле экономикалык жана социалдык реформалар процессинде ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналган расмий статистиканын сапатын жана ишенимдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган жана саясий чечимдерди кабыл алуучу жактарга керектүү стратегияларды иштеп чыгууга, өз ишинин натыйжасына мониторинг жүргүзүүгө жана аны объективдүү баалоого мүмкүндүк берери белгиленди.

Мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоонун жыйынтыгында Тегерек столдун катышуучулары Улутстаткомго, айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, мыйзам долбоорун бекитүү үчүн, долбоорду жылдыруу иштерин жүргүзүүнү сунушташты.  

 

 


Акыркы жаңылоо: 16.11.2017, 16:05