Бишкекте Улутстаткомдун 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо комиссиясынын отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 14.02.2018


Бүгүн, 14-февралда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Комиссиянын отурумун Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов өткөрдү. Отурумда Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн Календардык планынын долбоору каралды. Каттоону өткөрүүнүн биринчи кезектеги маселелерин талкуулоо менен, Акылбек Султанов бардык жооптуу кызматкерлерге, республика боюнча каттоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү мөөнөттөрүн так аткаруу, каттоо боюнча иштерди өз убагында жана жоопкерчилик менен уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди.


Акыркы жаңылоо: 14.02.2018, 14:21