Бишкекте “Кылмыштуулук статистикасы: өнүгүүнүн тенденциялары жана перспективалары” темасындагы семинар өз ишин аяктады

Басылмалардын датасы: 22.06.2017


21-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук  башкармалыгынын (БУУнун БКБ)  колдоосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети уюштурган “Кылмыштуулук статистикасы: өнүгүүнүн тенденциялары жана перспективалары” темасындагы  эки күндүк семинар өз жумушун аяктады.

Семинарга ИИМдин, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, ЖАМКтын, Саламатсакминдин ж.б министрликтердин жана ведомстволордун өздөрүнүн ведомстволорунда ведомстволук гендердик саясатты  жүргүзүүгө жана кылмыштуулук чөйрөсүндө статистикалык маалыматтарды чогултууга жооптуу өкүлдөрү,  ошондой эле гендердик зомбулук жана адам сатуу маселелери боюнча эл аралык жана улуттук эксперттер  катышышты.

Иш чара улуттук мыйзамдардын жана тиешелүү стратегиялык программалардын аткарылышынын алкагында кылмыштуулук боюнча статистикалык отчеттуулукту  жакшыртуу, ошондой эле гендердик зомбулук жана адам сатуу сыяктуу кылмыштын түрлөрүн камтыган ушул чөйрөдөгү маалыматтарды классификациялоонун эл аралык принциптерин жайылтуу жана эң мыкты эл аралык практикаларды пайдалануу маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Улутстаткомдун Аппарат жетекчиси Эльмира Насипкуловна Алымкулова белгилегендей “...ушул семинар гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча статистикалык маалыматардын сапатын жана анализин, чогултуу системасын жакшыртууга байланышкан Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдары гендердик теңдикке жетүү боюнча  Улуттук иш аракеттер планын аткаруу боюнча кадамдардын бири болуп саналат”.

Өз кезегинде БУУнун БКБ программасынын эл аралык координатору Кун Маркверинг мындай деди:  “ Баңги заттар, кылмыштуулук жана сот адилеттүүлүгү жөнүндө так статистикалык маалыматтарды  эл аралык деңгээлде даярдоо жана жайылтуу, ошондой эле статистикалык маалыматтарды даярдоо, жайылтуу жана колдонуу жаатындагы улуттук мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө БУУнун БКБнын башкы маселелеринин бири болуп саналат. Ушул багытта Улуттук статстика комитети менен болгон кызматташтыкты терең баалайм ”.

Семинардын жүрүшүндө укук коргоо органдарында жана саламаттыкты сактоо уюмдарында жүрүп жаткан кылмыштуулук боюнча(гендердик зомбулук жана адам сатууну кошкондо) статистикалык маалыматтарды чогултуу системасы жөнүндө маалымат берилди. Андан тышкары Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын (ТӨМ)  мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын иштеп чыгууга байланыштуу  ушул тармактардагы улуттук статистикалык системанын керектөөлөрү жана көйгөйлөрү талкууланды жана ТӨМдүн  көрсөткүчтөрүн инвентаризациялоо боюнча ИИМдин  жумушчу тобунун ишинин жыйынтыктары көрсөтүлдү.


Акыркы жаңылоо: 23.06.2017, 14:37