Ош шаарында мобилдик тиркемени тестирлөө өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 22.11.2019


2020-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган эл жана турак-жайды каттоону өткөрүүгө даярдык көрүү максатында, үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрынан 27-ноябрга чейин Улуттук статкомдун кызматкерлери Ош шаарында иштеп жатышат. Алар мобилдик тиркемеге калкты жана турак-жайды каттоонун жана аларды иштеп чыгуу маалыматтарын электрондук форматта киргизүү боюнча тестирлөө өткөрүшүүдө. Мындай иштер ЮНФПА жана Бүткүл дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашып жатат.

Мобилдик тиркемени тестирлөө үчүн 218 каттоочу персоналдын ичинен эл жана турак-жайды каттоо боюнча 5 координатор, 23 инструктор-контролер жана 190 каттоочулар убактылуу кызматтарга тандалып алынды. Бул иштерге мугалимдер, дарыгерлер жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тартылды. Алар үчүн беш күндүк окуулар өткөрүлүп, анын жүрүшүндө маалыматтарды жыйноонун жана иштеп чыгуунун методологиясы, ошондой эле мобилдик тиркеме менен иш жүзүндө иштей билүү сабактары өтүлдү.

Тестирлөөнүн практикалык түрдө ишке ашуусунун майда-чүйдөсүнө чейин таанышуу үчүн, Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да чакырылган. Кызматкерлер эки күндүк окуудан өтүшүп, азыркы учурда инструктор-контролерлордун жана каттоочулардын практикалык иши менен таанышып жатышат.

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 22.11.2019, 17:15