Үстүбүздөгү жылдын июнунда коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өткөн айга салыштырмалуу 2,4 эсеге көбөйдү

Басылмалардын датасы: 23.07.2021


Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын июнунда жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 22,6 миңден ашык учурлары катталган.

2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен     ооругандардын саны         

               (учурлар)

 

Бардыгы

Калктын 100 миңине

 

апрель

май

июнь

апрель

май

июнь

Кыргыз Республикасы

7 621

9 625

22 607

116

146

344

Баткен облусу

35

60

915

6

11

169

Жалал-Абад облусу

144

212

1 639

12

17

131

Ысык-Көл облусу

356

610

651

71

122

130

Нарын облусу

101

227

245

35

78

84

Ош облусу

86

175

1 837

6

13

133

Талас облусу

41

90

200

15

33

74

Чүй облусу

2 174

2 241

4 152

225

232

429

 Бишкек шаары

4 558

5 580  

10 737

428

524

1 009

 Ош шаары

126

430

2 231

40

135

703

 

Үстүбүздөгү жылдын июнунда коронавирус инфекция оорусу менен катталган учурлардын (47% жакыны) Бишкек шаарына, ал эми (18 % жакыны)   Чүй облусуна туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын июнунда калктын 100 миңине алганда ооругандардын майга салыштырмалуу саны - 2,4 эсеге, ал эми апрель айына салыштырмалуу - 3,0 эсеге көбөйгөн.

 Калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен

ооругандардын саны         

_____________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.07.2021, 15:20