Бул жылы “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда атамекендик өндүрүштө өсүү байкалды

Басылмалардын датасы: 11.06.2021


Бүгүн, Улутстакомдо республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын январь-май айларына карата маалымат-жыйыны болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 215 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6  пайызга төмөндөдү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда атамекендик өндүрүштөрдө өсүү байкалып, ички дүң продукт январь-май айларына карата 192 миллиарддан ашык сомду түзүп, 3,5 пайызга жогорулады.   

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                                    

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январ-май айларына карата 127 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 9,7 пайызга төмөндөдү, ага себеп фармацев тармактарынындагы өндүрүлүүчү продукуиялардын көлөмүнүн кыскарышы себеп болду (41,0 пайызга), Мындан тышкары  химиялык продукциялар (31,6 пайызга),  ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (29,4 пайызга) кен байлыктарды казып алууда (4,3 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.  

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                                      

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 15,9 пайызга жакын төмөндөдү,  айыл-чарба багытында 1,2 пайызга өсүү байкалса, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 9, 9 пайызга өскөн. 

2021-жылдын январь-май  айларынын (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 4,8 пайызды түздү. Мунун ичинен тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 6,8 пайызга өстү, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиге болгон баалар 6,5 пайызга, азык-түлүк товарларга болгон баалар 3,0  пайызга өстү. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,1 пайызга төмөндөгөнү байкалат.  

Бул аралыктарда картошкага болгон баанын кескин өсүшү байкалып 33,9 пайызга, кумшекер 20,6 пайызга, тамак аш майлары 19,0 пайызга кой эти 14,2 пайызга, тооктун жумурткасы 13,0 пайызга, жаңы жер-жемиштер 12,0 пайызга, жаңы бышкан мөмө жемиштер 9,6 пайызга, балык 5,1 пайызга, нан 2,8 пайызга баалар көтөрүлгөн.

2021-жылдын январь-май  айларынын (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы (7,4 пайызга) байкалган. Анын ичинен Баткен облусунда 7,4  пайызга тамак-аш азыктары менен суусундуктарга болгон баа жогору экени аныкталды.

2021-жылдын январь-апрель айлары боюнча республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  2,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын январь-апрель айларына  салыштырмалуу 13,9  пайызга өскөн. Бирок экспорттук жеткирүүлөр 8,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр 26,2 пайызга көбөйгөн.  

Мында экспорттук жөнөтүүлөр ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын үлүшү 2021- жылы 960,2 млн АКШ долларын түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 14,2 пайызга өскөн. Анын ичинен экспорттук жеткирүүлөр 28,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 10,6 пайызга көтөрүлгөн.  

Республиканын  ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,1 пайызы) жана Казакстанга (29,1 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

Презентациялар:

Среднемесячная заработная плата в Кыргызской Республике в январе –апреле 2021г. и в 2020г.

                                                                                                    ***

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Акыркы жаңылоо: 11.06.2021, 17:48