Март айында экономиканын өсүү темпинин олуттуу түрдө басаңдаганы байкалды. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында ИДП өсүүсү 1,5% түздү

Басылмалардын датасы: 10.04.2020


       2020-жылдын январь-мартында ички дүң продукт, алдын ала баалоо боюнча, 111 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2019-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,5 пайызга көбөйдү./
     «Кумт
өр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 2020-жылдын январь-мартында 97 миллиард сом өлчөмүндө түзүлдү жана 0,8 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

       Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-мартында 75 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 0,6 пайызга көбөйдү, бул кийим өндүрүшүнүн (19,7 пайызга),  текстиль продукциялары (15,4 пайызга), пайдалуу кендерди казуу (16,1 пайызга), негизги металлдар (7,5 пайызга) жана тамак-аш продуктуларын (4,3 пайызга) өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнүн эсебинен болду.  

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

           

       Айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 1,4 пайызды, дүң жана чекене соода - 4,9 пайызды түздү, ал эми курулуштун көлөмү 2,6 пайызга төмөндөдү.

    2020-жылдын январь-мартында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,7 пайызга өстү, бул тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардын (5,2 пайызга), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин (5,1 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды.

    Муну менен катар, үстүбүздөгү жылдын мартында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу элге көрсөтүлө турган кызматтарга карата тарифтер өзгөрүүсүз калды, ал эми азык-тулүк эмес товарларга карата баалар 0,2 пайызга төмөндөдү. 

    Үстүбүздөгү жылдын I кварталында 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы белгиленди. Ушул эле учурда, Бишкек шаарында алардын  максималдуу (3,5 пайызга) өскөнү катталды.

     Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жүгүртүүсү, алдын ала баалоо боюнча, 2020-жылдын январь-февралында 931 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 1,5 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 20,3 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче,  9,7 пайызга кыскарды. 

   Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү   2020-жылдын январь-февралында 403 млн. жакын АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 9,5 пайызга көбөйдү.

   Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 13,8 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөр - 8,0 пайызга көбөйдү.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70,5 пайызы) жана Казакстанга (27,5 пайызы) туура келди.

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 
 Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: 
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747
e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

 


Акыркы жаңылоо: 11.04.2020, 15:43