Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинде Глобалдуу баалоо өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 29.01.2020


2020-жылдын 27-январынан 31-январына чейинки мезгил аралыгында 2020-жылы Кыргызстан үчүн Улуттук статистика системасынын экинчи Глобалдуу баалоосунун биринчи этабын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинде Европанын Эркин соода ассоциациясынан (ЕФТА), Европа биримдигинин статистика башкармалыгынан  (Евростат), БУУнун Европа экономикалык комиссиясынан (БУУ ЕЭК) келишкен эл аралык эксперттердин миссиясы өтүп жатат. Кыргызстан үчүн Улуттук статистика системасынын биринчи Глобалдуу баалоосу 2012-жылы өткөрүлгөн.

Улуттук статистика системасынын Глобалдуу баалоосун өткөрүүнүн максаты,  Улуттук статистика системасынын, ага республиканын мамлекеттик органдары да кирет, уюштуруучулук жана техникалык потенциалына ар тараптуу талдоо жүргүзүү болуп саналат. Анын жыйынтыктары боюнча Улуттук статистика системасын, тагыраак айтаканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча тийиштүү сунуштар иштелип чыгат.

Ушуга байланыштуу, колдонуучулардын ар кандай категориялары - мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, ММК жана академия чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүү пландаштырылыган.

Ошентип, бүгүн, 29-январда расмий статистиканы колдонуучулар менен  жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарга болгон муктаждыктар жана аны менен канааттануу маселелери боюнча эл аралык эксперттер менен диалог өттү. Мындан тышкары, статистикалык маалыматтарды талдоону, жайылтууну жана статистикалык маалыматты берүү формаларын жакшыртуу боюнча колдонуучулар тарабынан сунуштар берилди.


Акыркы жаңылоо: 29.01.2020, 15:46