Улутстаткомдо ата-мекендик статистикасынын ардагерлерин куттукташты

Басылмалардын датасы: 30.09.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 30-сентябрында, Эл аралык улгайган адамдардын күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде статистиканын ардагерлеринин катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ардагерлерди келе жаткан майрам менен куттуктап, алардын улуттук статистиканын өнүгүүсүндөгү жана калыптануусундагы салымы баа жеткис экендигин белгилеп, ардагерлерге бекем ден соолук, бакыт таалай, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Өз кезегинде, статистиканын ардагерлери Улутстаткомдун жамаатына көрсөтүлгөн бардык сый-урматтарга ыраазычылыктарын билдиришип, өздөрүнүн топтогон бай тажрыйбалары менен жаңыдан калыптанып келе жаткан жаш кадрларга бөлүшүп, жардам берерине даяр экендиктерин билдиришти.

P.S. Улутстатком Эл аралык улгайган адамдардын күнүнө карата кызыктуу статистикалык маалыматтарды даярдады.

             

             

             

            

           

 

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 03.10.2022, 08:29