Улутстаткомдо Төраганын биринчи орун басары тааныштырылды

Басылмалардын датасы: 01.06.2023


Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына Керималиева Назира Керималиевна дайындалды.

2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев Улутстаткомдун жамаатына Төраганын биринчи орун басарын тааныштырды. О.Капалбаев Назира Керималиеванын статистика органдарындагы тажрыйбасын белгилеп, ага жаңы кызматына ийгилик каалады, ал эми Улутстаткомдун кызматкерлерине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген бардык милдеттердин аткарылышын каалады.

Өз кезегинде жетекчилик Назира Керималиева жакшы тажрыйбага ээ болуу менен аны статистика органдарынын алдында турган жаңы маселелерди чечүүгө багыттайт деген ишенимин билдирди.

Буга чейин Н.Керималиева КР Улутстаткомунун туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.


Акыркы жаңылоо: 01.06.2023, 17:29