Улутстаткомдо аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрүн окутуу өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 06.03.2018


Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикаынын Улуттук статистикалык  стратегиясын ишке ашыруу”  Долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлеринин кваликациясын  жогорулатуу боюнча окутуу өткөрүп жатат .

2018-жылдын 6- 7-мартында Бишкек шаарында УСК аймактык бөлүмдөрүнүн кырк сегиз өкүлүнүн катышуусу менен, атап айтканда, түндүк аймагындагы облустук жана шаардык мамлекеттик  статистика башкармалыктары  окуудан өтөт. Окуу: №ФД  статистикалык формасын толтуруу, статистикалык  негизги фонддор боюнча суроолор, №11-ОС формасы боюнча алгачкы берилген  отчеттуулук маалыматтарынын талапаттары жана  методологиялары сыяктуу бир катар маселерди камтыйт.

Мурда ушуга окшош окутуу Чүй аймактык элүү кызматкерлерге өткөрүлгөн, мындан ары мындай окутуу түштүк аймактагы элүү беш өкүлдөргө өтөөрүн белгилеп кетүү зарыл.

 Муну менен катар окутуунун натыйжалуулугун жана мыкты жетишүүсү үчүн лекторлор КР УСК  бөлүмдөрүнүн башчылары чыгып сүйлөшөт.


Акыркы жаңылоо: 06.03.2018, 12:28