Улутстаткомдо Калктын жайгашуусу жаатында БУУ Фондунун кеңсесинен келген эксперттин катышуусу менен экинчи миссиясы өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 16.08.2019


“Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүүнүн” 2-компоненти боюнча  “Кыргызстат: Демографиялык маалыматтарды топтоо, талдоо жана жайылтуу жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине экинчи миссиясы менен калктын жайгашуусу жаатында БУУ Фондунун кеңсесинин эксперти Йен Уайт мырза келди.

Эксперттин биринчи миссиясынын жүрүшүндө эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүнүн ыкмалары боюнча бир катар сунуштар жана аларды практикада иштетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү берилген, ошондой эле ТӨМдүн (Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарынын) көрсөткүчтөрүн камтыган суроо жыйнактары талкууланган.

Азыркы учурдагы миссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 2019-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун сынамык каттоосунун (КСК-2019) негизги жыйынтыктары талкууланып жатат,  ал үстүбүздөгү жылдын мартында Токмок шаарында жана Кум-Бел айыл аймагында өткөн.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча суроолор, КСК-2019 жыйынтыктары боюнча алынган практикалык тажрыйбаларды колдонуу боюнча сунуштар жана консультациялар, электрондук суроо жыйнактарынын мазмуну жана дизайны, маалыматтарды киргизүү жана иштетүү боюнча мобилдик тиркеменин апробациясынын натыйжалары каралып жатат.   

 

 

 

 

Статистикалык каттоолор бөлүмү 

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    

тел. + 996 (312) 32 53 36


Акыркы жаңылоо: 16.08.2019, 16:10