Улутстаткомдо Калк жайгашкан конуштар жаатында БУУ Фондунун кеңсесинин экспертинин катышуусу менен үчүнчү миссиясы өттү

Басылмалардын датасы: 21.01.2020


“Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүүнүн” 2-компоненти боюнча  “Кыргызстат: Демографиялык маалыматтарды топтоо, талдоо жана жайылтуу жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Калк жайгашкан конуштар жаатында БУУ Фондунун кеңсесинин эксперти Йен Уайт мырзанын катышуусу менен үчүнчү миссиясы болуп өттү.

Эксперттин биринчи миссиясынын жүрүшүндө эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүнүн ыкмалары боюнча бир катар сунуштар жана аларды практика жүзүндө иштетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү берилип, ошондой эле ТӨМдүн көрсөткүчтөрүн камтыган суроо жыйнактары талкууланган.

Экинчи миссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 2019-жылдын мартында Токмок шаарында жана июль айында Кум-Бел айыл аймагында өткөн эл жана турак жай фондун каттоонун сынамык каттоосунун негизги жыйынтыктары талкууланып, анын жыйынтыктары боюнча алынган практикалык тажрыйбаларды колдонуу боюнча сунуштар берилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча айрым суроолор каралган.

Азыркы учурдагы миссиясынын жүрүшүндө электрондук суроо жыйнактарынын мазмуну жана дизайны, өткөн жылдын ноябрь айында Ош шаарында өткөрүлгөн маалыматтарды киргизүү жана иштетүү боюнча мобилдик тиркемени тестирлөөнүн жыйынтыктары деталдуу каралды. Ушуну менен бирге алдыда өтө турган, 2020-жылы Эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча алына турган маалыматтарды даярдоо, талдоо жана жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

​​


Акыркы жаңылоо: 21.01.2020, 14:09