Улутстаткомдо Кыргызстандагы "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран айым менен жолугушуу болуп өттү

Басылмалардын датасы: 20.05.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргызстандагы "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран айым менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө гендердик статистикага болгон суроо-талаптын өскөнү жана өсүүсү уланууда экени белгиленди, анткени коомчулукта  эркектер жана аялдардын абалы жөнүндө маалымат саясий чараларды иштеп чыгуу учурунда абдан маанилүү. Гендердик статистика гендердик теңдештикке, аялдардын саясий жана экономикалык укуктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жана аялдарга карата зордук-зомбулукту жок кылууга жетишүүдөгү прогресстерге байкоо жүргүзүү үчүн аспап болуп саналат. Улутстатком гендердик статистиканы чогултуу, талдоо жана жайылтуу процессинде негизги звено болуп саналаары, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарынын мониторинги үчүн гендердик статистиканын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар "Ар бир аял жана ар бир кыз маанилүү болсун" долбоорун ишке ашыруу боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын талкуулашты.


Акыркы жаңылоо: 20.05.2021, 17:20