УлутстаткомдоБУУнун калк санын изилдөө фондунун эксперти менен жолугушуу болуп өттү

Басылмалардын датасы: 17.04.2018


Бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султанов БУУнун калк санын изилдөө фондунун эксперти Йен Уайт жана Кыргыз Республикасындагы ЮНФПА жетекчиси Медер Өмүрзаков менен жолугушту.

Алдыдагы биргеликте аткарыла турган иштерди сүйлөшүү менен, А.Султанов жолугушуунун катышуучуларына, өткөрүлүп жаткан миссиянын чегинде жемиштүү кызматташтыкты жана ийгиликтүү иштешүүнү каалады.

Эксперт Йен Уайт Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине “Кыргызстат: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика системасынын демографиялык маалыматтарды топтоо, талдоо жана таратуу тармагында бекемдөө” долбоорунун, “2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай каттоону эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү” 2-компонентинин чегинде миссия менен келди.

Миссия 2018-жылдын 20-апрелине чейин иш жүргүзөт.

Бул миссиянын чегинде 2019-жылы пилоттук эл каттоону өткөрүүнүн, Туруктуу Өнүктүрүүнүн Максаттарынын, эл каттоо өткөрүүнүн технологиялары жана аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн, жана 2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай каттоону даярдоо жана өткөрүү маселелери  боюнча кеңештер жана сунуштамалар талкууланат.


Акыркы жаңылоо: 21.05.2018, 10:12