Улутстаткомдо ТӨМ глобалдык индикаторлорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

Басылмалардын датасы: 19.10.2016


Бүгүн, 19-октябрьда, Улутстаткомдун пресс-борборунда, Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын (ТӨМ) глобалдык индикаторлорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Жумушчу кеңешме эки бөлүмдөн түзүлүп, анын биринчи бөлүгүндө ТӨМ глобалдык индикаторлору, ошондой эле “Жашыл өсүүнүн” индикаторлору каралды.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Экономика министирлигинин, Финансы министирлигинин, Улутстаткомунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жумушчу кенешменин экинчи болүгүндө “Кыргызстанда эксперименталдык системалуу экологиялык эсептөөлөр боюнча прогресс”, “Айыл чарба статистикасында токой чарба продукциясынын дүң баасы”, “Эксперименталдык системалуу экологиялык эсептөөлөрдүн көрсөткүчтөрү” аттуу презентациялар талкууланды.

Презентацияларда системалуу экологиялык эсептөөлөрдүн манилүүлүгү, системалуу экологиялык эсептөөлөрдүн түрлөрү, Кыргыз Республикасында системалуу экологиялык эсептөөлөрдү пилоттук колдонуу жана мамлекеттик саясат үчүн алардын үстөмдүктөрү белгиленди.

Талкуулоонун жүрүшүндө кеңешменин катышуучулары пикир алмашышты.

Иш-чара ПРООН-ЮНЕП “Жакырчылык жана айлана-чөйрө” долбоорунун чегинде өткөрүлдү.


Акыркы жаңылоо: 19.10.2016, 17:23