Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда ИДПнын көлөмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темптеринин төмөндөөсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 13.09.2018


Ички дүң продукт (ИДП) 2018-ж. январь-августунда алдын-ала баалоо боюнча 310,3 млрд. сомду түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги деңгээлден 0,3 пайызга төмөн. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 2,1 пайызга ашуу менен 282,7 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын төмөндөөсү, негизинен, товарларды өндүрүүчү тармактар тарабынан шартталды. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинине салыштырмалуу товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи - 97,3 пайызды (2017-ж. январь-августунда -111,1 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,7 пайызды (2017-ж. январь-августунда - 100,5 пайыз) түздү. 

2017-жылдын январь-августуна салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 0,6 пайыздык пунктка төмөндөп, 37,4 пайызды түздү, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү, 1,6 пайыздык пунктка кыскарып, 46,4 пайызды түздү.

2018-жылдын январь-августундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
           (пайыз менен)

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү темптериөмөндөшү- )

ИДПнын түзүмү

2017

2018

 

ИДП

 310267,2

-0,3

100

100

 

 

Товарларды өндүрүүчү тармактар

115994,3

-2,7

38,0

37,4

 

 

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук

35587,4

1,8

11,9

11,5

 

 

Өнөр жай

59901,1

-8,6

19,7

19,3

 

 

 Пайдалуу кендерди казуу

2680,3

-33,9

1,0

0,9

 

 

 Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)

49585,3

-8,8

16,2

16,0

 

 

 Электр энергия, газ, буу жана
 кондицияланган аба менен камсыздоо

 (жабдуу)

6852,8

2,3

2,2

2,3

 

 

 Суу менен жабдуу, тазалоо,
 калдыктарды иштетүү жана кайра
 пайдалануучу чийки затты алуу

782,7

13,8

0,2

0,3

 

 

Курулуш

20505,8

6,7

6,4

6,6

 

 

Кызмат көрсөтүүчү тармактар

143960,3

1,7

48,0

46,4

 

 

Дүӊ жана чекене соода; автомобилдерди

 жана мотоциклдерди оӊдоо

52403,6

4,3

16,4

16,9

 

 

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

13448,0

4,6

4,2

4,3

 

 

Мейманканалар менен ресторандардын

 ишмердиги

4860,3

6,3

1,6

1,6

 

 

Маалымат жана байланыш

9848,2

-7,3

3,3

3,2

 

 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

63400,2

0,2

22,5

20,4

 

 

Продукттарга таза (субсидияларды

 эсептебегенде) салыктар

50312,6

-0,3

14,0

16,2

 

                     

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg

тел. + 996 (312) 3246955; 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.09.2018, 14:10