Акыркы үч айда экономиканын өсүү темпи жай болуп жатканы байкалууда. ИДПнын өсүшү үстүбүздөгү жылдын 10 айында 5,7 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 12.11.2019


2019-жылдын январь-октябрь айларында алдын ала баалоо боюнча ички дүң продукт 2018-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 455 миллиард сомдун тегерегинде болуп, 5,7 пайызга көбөйгөн.

Ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) 2019-жылдын январь-октябрында “Кумтөр” алтын кенин иштеткен ишканаларын кошпогондо 406 миллиард сом болуп жана 3,3 пайызга өскөн.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине пайыздар менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 224 миллиард сомду түзүп, 2018-жылдын январь-октябрь айларына салыштырганда 14,0 пайызга көбөйгөн. Анын көбөйүүсүнүн негизин металлдарды өндүрүүнүн өсүшү (31,7 пайыз) түзүп, металл кендерин казуудан (21,6 пайыз), текстиль өндүрүшүндө (20,4 пайыз), кийим өндүрүүдө (20,2 пайыз), чийки нефть жана табигый газды өндүрүүдөн (13,7 пайыз), ошондой эле көмүр казууда (8,3 пайыз) болгон.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине пайыздар менен)

Оң тенденциялар айыл чарбасында байкалып, анда өсүүнүн көлөмү 1,8 пайыз, курулушта 9,4 пайыз, дүң жана чекене соодада 4,6 пайызды түздү.

2019-жылдын январь-октябрь айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы 1,2 пайызды түзүп, бул тамак-аш продуктуларына, алкоголсуз ичимдиктерге жана алкоголдук ичимдиктерге, тамекинин турлөрүнө, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине баалардын жогорулашын шарттады.

Ушул жылдын январь-октябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштарганда) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык аймагында байкалган. Алардын эң эле жогору болгону (3,7 пайыз) ушул жылдын башында  Баткен облусунда катталган, бул облуста башкаларга салыштырмалуу тамак-ашка жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баалар көтөрүлүп (6,4 пайыз), ошондой эле алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки түрлөрүнө болгон баа да (3,0 пайыз) болгон. Азык-түлүк эмес товарларга болгон жогору баа Ысык-Көл облусунда (1,6 пайыз) болсо, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин бааларынын жогору болушу Нарын облусунда (2,8 пайыз) катталган.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода кылуусу алдын ала маалыматтарга караганда 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 5,0 млрд. АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 2,8 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорттук ташып чыгуулар 11,7 пайызга көбөйсө, ал эми импорттук ташып келүүлөр тескерисинче, 7,3 пайызга кыскарган.

Ал эми ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөр менен өз ара сооданын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 1,9 млрд. га жакын АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 2,9 пайызга азайган. Ошол эле учурда экспорттук ташып чыгуулардын 3,6 пайызга кыскарганы катталса, импорттук ташып келүүлөр да 2,8 пайызга кыскарган. ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен өз ара сооданын эң көп бөлүгү Россияга (61,4 пайыз) жана Казакстанга (36,4 пайыз) туура келген.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ биримдигине мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине пайыздар менен) 

Импорт                                                                                                    Экспорт

Мындан тышкары басма сөз жыйынына катышуучуларга керектөөчү сектордогу инфляциянын деңгээли жана социалдык маанилүү товарлардын бааларына күнүмдүк мониторинг жүргүзүү, ошондой эле республикадагы айлана-чөйрөнүн абалы тууралуу да маалыматтар берилди.


Акыркы жаңылоо: 12.11.2019, 13:24