Республикада көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу 8 пайыздан ашык жогорулады

Басылмалардын датасы: 26.11.2021


Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 25 ноябрына карата үстүбүздөгү  жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 8,4 пайызга жогорулап, бир тонна  5 617,6 сомду түздү.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 000 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 9 524,4 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 099,4 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн -  3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 449,7 сом)  жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

 Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Кербен– тоннасы 1 560,1 сомго же 26,0 пайызга, Талас – тоннасы 1 189,8 сомго же 20,9 пайызга, Жалал-Абад - тоннасы 1 130,3 сомго же  19,3 пайызга  жана Каракол– тоннасы 963,1 сомго же 15,8 пайызга  бир кыйла  өсүшү белгиленди.

2021-жылы көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында   

  (бир тонна, сом)

 

 

Октябрь

 

25-ноябрга

Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

(2021 ноябрынын

4-жумасы 2021-октябрына)

Кыргыз Республикасы

5 181,8

5 617,6

435,8

 Каракол ш.

6 113,4

7 076,6

963,1

 Балыкчы ш.

4 000,0

4 049,7

49,7

 Кербен ш.

5 999,2

7 559,3

1 560,1

 Токтогул ш.

6 062,2

6 488,9

426,7

 Жалал- Абад ш.

5 857,8

6 988,1

1 130,3

 Чаек а., Жумгал району

3 000,0

3 000,0

0,0

 Нарын ш.

4 200,0

4 449,7

249,7

 Исфана ш.

8 365,0

8 099,4

-265,6

 Баткен ш.

9 344,7

9 524,4

179,7

 Кара-Суу ш.

7 000,0

7 000,0

0,0

 Ноокат ш.

9 794,9

10 000,0

205,1

 Өзген ш.

5 738,8

6 246,7

507,9

Покровка а., Манас району

5 300,0

5 800,0

500,0

 Талас ш.

5 692,1

6 881,7

1 189,8

 Кара-Балта ш.

4 500,0

4 500,0

0,0

 Токмок ш.

4 598,9

4 695,7

96,8

 Бишкек ш.

4 558,5

5 000,0

441,5

 Ош ш.

6 763,5

6 763,5

0,0

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

_____________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү  |e-mail: ceny@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 26.11.2021, 13:54