Республикада көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу 10 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 19.11.2021


Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 18 ноябрына карата үстүбүздөгү  жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 10,1 пайызга жогорулап, бир тонна  5 706,0 сомду түздү.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 039,9 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 9 091,2 сом) шаарларында катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн -  2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Жалал-Абад - тоннасы 1 196,2 сомго же  20,4 пайызга, Талас – тоннасы 1 290,0 сомго же 22,7 пайызга, Кербен– тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга  жана Токтогул– тоннасы 1 085,4 сомго же 17,9 пайызга  бир кыйла  өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда, айдын башына салыштырмалуу Чаек айылында (бир тонна үчүн – 500 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 268 сом), Бишкек (бир тонна үчүн – 174 сом) жана Каракол (бир тонна үчүн – 140 сом) шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.

2021-жылы көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында   
 (бир тонна, сом)

 

Октябрь

 

4 ноябрга

 

18-ноябрга

Четтөө:
Өсүү (+), төмөндөө (-)
(2021 ноябрынын3-жумасы 2021-октябрына)

Кыргыз Республикасы

5 181,8

5 720,5

5 705,98

524,2

 Каракол ш.

6 113,4

6 962,4

6 822,40

709,0

 Балыкчы ш.

4 000,0

4 000,0

4 049,69

49,7

 Кербен ш.

5 999,2

7 423,1

7 137,14

1 138,0

 Токтогул ш.

6 062,2

5 947,1

7 147,57

1 085,4

 Жалал- Абад ш.

5 857,8

6 738,7

7 054,00

1 196,2

 Чаек а., Жумгал району

3 000,0

3 000,0

2 500,00

-500,0

 Нарын ш.

4 200,0

4 500,0

4 500,00

300,0

 Исфана ш.

8 365,0

8 746,4

9 091,20

726,2

 Баткен ш.

9 344,7

9 718,8

9 718,84

374,2

 Кара-Суу ш.

7 000,0

6 700,0

7 000,00

0,0

 Ноокат ш.

9 794,9

9 874,2

10 039,92

245,0

 Өзген ш.

5 738,8

6 246,7

6 246,66

507,9

 Покровка а., Манас району

5 300,0

5 500,0

5 800,00

500,0

 Талас ш.

5 692,1

6 387,5

6 982,12

1 290,0

 Кара-Балта ш.

4 500,0

4 500,0

4 500,00

0,0

 Токмок ш.

4 598,9

4 695,7

4 695,74

96,8

 Бишкек ш.

4 558,5

5 213,1

5 039,37

480,9

 Ош ш.

6 763,5

6 798,0

7 165,58

402,0

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.
_________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү    |e-mail: ceny@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.11.2021, 09:32