Республикада көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу дээрлик 15 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 12.11.2021


Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 11 ноябрына карата үстүбүздөгү  жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 14,7 пайызга жогорулап, бир тонна  5 942,9 сомду түздү.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 000,0 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 9 344,7 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн -  3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

           Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 138,0 сомго же  19,0 пайызга, Бишкек – тоннасы 1 039,1 сомго же 22,8 пайызга, Талас – тоннасы 989,2 сомго же 17,4 пайызга  жана Жалал-Абад – тоннасы 946,3 сомго же 16,2 пайызга  бир кыйла  өсүшү белгиленди.

2021-жылы көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында  
  (бир тонна, сом)

 

              Октябрь

11-ноябрга

Четтөө:
Өсүү (+), төмөндөө (-)
(2021 ноябрынын
2 жумасы 2021-октябрына)

Кыргыз Республикасы

5 181,8

5 942,92

761,1

 Каракол ш.

6 113,4

6 962,38

849,0

 Балыкчы ш.

4 000,0

4 049,69

49,7

 Кербен ш.

5 999,2

7 137,14

1 138,0

 Токтогул ш.

6 062,2

5 947,14

-115,0

 Жалал- Абад ш.

5 857,8

6 804,09

946,3

 Чаек а., Жумгал району

3 000,0

3 000,00

0,0

 Нарын ш.

4 200,0

4 500,00

300,0

 Исфана ш.

8 365,0

8 746,43

381,4

 Баткен ш.

9 344,7

9 344,66

0,0

 Кара-Суу ш.

7 000,0

7 000,00

0,0

 Ноокат ш.

9 794,9

10 000,00

205,1

 Өзген ш.

5 738,8

6 246,66

507,9

 Покровка а., Манас району

5 300,0

5 500,00

200,0

 Талас ш.

5 692,1

6 681,32

989,2

 Кара-Балта ш.

4 500,0

4 500,00

0,0

 Токмок ш.

4 598,9

4 695,74

96,8

 Бишкек ш.

4 558,5

5 597,51

1 039,1

 Ош ш.

6 763,5

6 832,20

68,7

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.
________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 12.11.2021, 13:51